30.08.2024 №109 Сузак округдук шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Сузак округдук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү А.С. Сатаровдун, А.Т. Карымбаевдин, Т.А. Бекмурзаевдин Сузак округдук шайлоо комиссиясынын курамынан чыгаруу жөнүндө арыздарынын негизинде, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын  12-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө»  Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4,   8-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 6-декабрындагы № 176 токтому менен бекитилген «Шайлоо комиссияларын түзүү, таркатуу жана шайлоо комиссияларынын резервин түзүү, жүргүзүү тартиби жөнүндө» Жобосуна ылайык,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Сузак округдук шайлоо комиссиясынын курамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
  • «Ата Мекен» саясий партиясынан көрсөтүлгөн Сатаров Абдынасыр Садыржанович, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынан көрсөтүлгөн Карымбаев Асанбек Тагайбекович, Бекмурзаев Турат Асилбекович комиссиянын курамынан чыгарылсын;  
  • жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынан көрсөтүлгөн Умарбекова Тамара Калдыкбаевна, Женишбек кызы Канзада, Бердыходжаев Кубатбек Кадырбекович Сузак аймактык шайлоо комиссиясынын резервинен комиссиянын курамына киргизилсин.  

2. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3.  Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т.У. Шайназаровго жүктөлсүн.

 

ТӨРАГА                     Н. ШАЙЛДАБЕКОВА                                                                    

                            

Бишкек ш., 2024-жылдын 30-августу

№ 109

Негиздеме кат