23.11.2024 №220 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Ош облусунун Өзгөн районундагы Кызыл-Октябрь, Мырза-Аке, Кара-Шоро, Жазы, Салам-Алик, Дөң-Булак, Ийри-Суу, Төрт-Көл, Баш-Дөбө, Кароол, Куршаб и Жалпак-Таш айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоонун нат

2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Ош облусунун Өзгөн районундагы Кызыл-Октябрь, Мырза-Аке, Кара-Шоро, Жазы, Салам-Алик, Дөң-Булак, Ийри-Суу, Төрт-Көл, Баш-Дөбө, Кароол, Куршаб и Жалпак-Таш айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө

 

2024-жылдын 17-ноябрында Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 6-сентябрындагы №256 Жарлыгы менен дайындалган Ош облусунун Өзгөн районундагы Кызыл-Октябрь, Мырза-Аке, Кара-Шоро, Жазы, Салам-Алик, Дөң-Булак, Ийри-Суу, Төрт-Көл, Баш-Дөбө, Кароол, Куршаб и Жалпак-Таш айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо болуп өттү.

«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 38, 62-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2024-жылдын 23-сентябындагы №136 токтому менен бекитилген «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо аралыктан добуш берүүнү уюштуруунун жана өткөрүүнүн, аралыктан добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөөнүн тартиби жөнүндө» жобого ылайык:

- участкалык шайлоо комиссияларынын добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу жана аралыктан добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө аралыктан добуш берүү участкалык шайлоо комиссияларынын 2024-жылдын 17-ноябрындагы протоколдордун негизинде Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясы шайлоолорду болуп өттү деп тааныды жана Кызыл-Октябрь, Мырза-Аке, Кара-Шоро, Жазы, Салам-Алик, Дөң-Булак, Ийри-Суу, Төрт-Көл, Баш-Дөбө, Кароол, Куршаб и Жалпак-Таш айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжаларын белгиледи.

Кызыл-Октябрь, Мырза-Аке, Кара-Шоро, Жазы, Салам-Алик, Дөң-Булак, Ийри-Суу, Төрт-Көл, Баш-Дөбө, Кароол, Куршаб и Жалпак-Таш айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясына 2 арыз түшкөн. Келип түшкөн арыздар каралып, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чечим кабыл алынган. Кабыл алынган чечимдерге даттануулар келип түшкөн жок.

«Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө»  Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 27-пункттарына, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 38, 40, 51, 59-1, 62-беренелерине ылайык,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясынын 2024-жылдын 21-ноябрындагы депутаттарды шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдору бекитилсин:

- Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин (1-тиркеме);

- Мырза-Аке айылдык кеңешинин  (2-тиркеме);

- Кара-Шоро айылдык кеңешинин (3-тиркеме);

- Жазы айылдык кеңешинин (4-тиркеме);

- Салам-Алик айылдык кеңешинин (5-тиркеме);

- Дөң-Булак айылдык кеңешинин (6-тиркеме);

- Ийри-Суу айылдык кеңешинин (7-тиркеме);

- Төрт-Көл айылдык кеңешинин (8-тиркеме);

- Баш-Дөбө айылдык кеңешинин (9-тиркеме);

- Кароол айылдык кеңешинин (10-тиркеме);

- Куршаб айылдык кеңешинин (11-тиркеме);

- Жалпак-Таш айылдык кеңешинин (12-тиркеме).

2. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3. Бул токтомдун көчүрмөсү Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясына жана тийиштүү айылдык кеңештерине жөнөтүлсүн.

4. Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясы шайлоолордун натыйжалары жарыялангандан кийин 3 күндүк мөөнөттө шайланган депутаттарын каттасын жана аларга ырастамаларды, белгиленген үлгүдөгү төш белгилерди тапшырсын.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т.У. Шайназаровго жүктөлсүн.

 

 

 

ТӨРАГА                                                                   Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш., 2024-жылдын 23-ноябры

№ 220