17.10.2010 № 743 Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун №2300, № 2301, №2302, Сузак районунун № 2011, Ош облусунун Кара-Суу районунун №5508, Талас облусунун Талас районунун №6088 шайлоо участкаларынын даректерин өзгөртүү жөнүндө
Чаткал, Сузак, Кара-Суу, Талас округдук шайлоо комиссияларынын №2300, №2301, №2302, №2011, №5508, №6088 шайлоо участкаларынын имараттарынын канааттандырарлык эмес абалына байланыштуу даректерин өзгөртүү жөнүндө сунуштардын негизинде, ошондой эле «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 4-пунктарына, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 20-январындагы № 4 токтому менен бекитилген «Шайлоо округдары менен шайлоо участокторунун схемаларын жана чек араларын башкаруу тартиби жөнүндө» Жобосуна ылайык,
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун № 2300 шайлоо участкасынын дареги Кызыл-Токой Агартуу көчөсү 39 дарегиндеги маданият үйүнүн имаратынан Кызыл-Токой айылынын Кут-Билим көчөсү 5 дарегиндеги Б. Камчыбеков атындагы орто мектебинин имаратына өзгөртүлсүн.
2. Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун № 2301 шайлоо участкасынын дареги Сумсар айылынын Кундуз-Дөбө көчөсү 56 дарегиндеги маданият үйүнүн имаратынан Сумсар айылынын Кундуз-Дөбө көчөсү 42 дарегиндеги Сумсар орто мектебинин имаратына өзгөртүлсүн.
3. Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун № 2302 шайлоо участкасынын дареги Шекафтар айылынын Приклубная көчөсү 7 дарегиндеги маданият үйүнүн имаратынан Шекафтар айылынын Ленин көчөсү 44 дарегиндеги Ю.Гагарин атындагы орто мектебинин имаратына өзгөртүлсүн.
4. Жалал-Абад облусунун Сузак районунун № 2011 шайлоо участкасынын дареги Сузак айылынын А.Юнусов көчөсү 2 дарегиндеги Сузак айыл өкмөтүнүн имаратынан Сузак айылынын Сарык-Аксакал көчөсү 1 дарегиндеги А.Юнусов атындагы №65 орто мектебинин имаратына өзгөртүлсүн.
5. Ош облусунун Кара-Суу районунун № 5508 шайлоо участкасынын дареги Зарбдар айылынын Сулайманов көчөсү дарегиндеги чайкананын имаратынан, Зарбдар айылынын Сулайманов көчөсү дарегиндеги Ч.Айтматов атындагы орто мектебинин имаратына өзгөртүлсүн.
6. Талас облусунун Талас районунун № 6088 шайлоо участкасынын дареги Кызыл-Туу айылынын Кудакке уулу Темиркул көчөсү 37 дарегиндеги айылдык клубдун имаратынан, Кызыл-Туу айылынын Кудакке уулу Темиркул көчөсү 33 дарегиндеги Байсейит уулу Эшманбет атындагы орто мектебинин имаратына өзгөртүлсүн.
7. Чаткал, Сузак, Кара-Суу, Талас округдук шайлоо комиссияларынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте шайлоочулардын арасында шайлоо участкаларынын даректерин өзгөртүлгөндүгү тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн.
8. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
9. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т. У. Шайназаровго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш, 2021-жылдын 17-октябры
№ 743