№78

Майыптыгы бар шайлоочулардын шайлоо укуктарынын ишке ашырылышын камсыз кылуу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу

 

Шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүүдө майыптыгы бар шайлоочулардын шайлоо укуктарын ишке ашыруу үчүн шарттарды түзүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 14, 22, 29, 33-беренелерине, “Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 30, 32-беренелерине, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12, 22, 27, 29, 33-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы токтом кылат:

1. Майыптыгы бар шайлоочулардын шайлоо укуктарынын ишке ашырылышын камсыз кылуу жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 28-июлундагы № 40 “Шайлоо жана референдум өткөрүүдө майыптыгы бар жарандардын шайлоо укуктарын ишке ашырууну камсыз кылуу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

3. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын “Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитине жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Р. Ш. Жакышовго жүктөлсүн.

 

Төрага                                                                                                                               Т. Шайназаров

 

Бишкек ш., 2026-жылдын 14-августу

№ 78