17.09.2024 №128 Чаткал, Өзгөн жана Нарын аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Чаткал, Өзгөн жана Нарын аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

 

Чаткал аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү Д.Б. Садировдун, Н.Т. Чонотаеванын, А.А. Ызакбаевдин, Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү А.А. Караевдин, Н.У. Орозматовдун,  К.А. Карабаевдин, С.А. Абдылдаевдин, Нарын аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү А. Акитаеванын, Т.О. Кочкорбаеванын шайлоо комиссияларынын курамдарынан чыгаруу жөнүндө арыздарынын негизинде, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерине, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесине, 22-беренесинин 10-бөлүгүнүн 1-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 6-декабрындагы №176 токтому менен бекитилген «Шайлоо комиссияларын түзүү, таркатуу жана шайлоо комиссияларынын резервин түзүү, жүргүзүү тартиби жөнүндө» Жобого ылайык,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Чаткал аймактык шайлоо комиссиясынын курамына  төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
  • жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынан көрсөтүлгөн Садиров Дилмурод Бегалиевич, Чонотаева Нурила Текебаевна, Ызакбаев Абай Абдыкеримович комиссиянын курамынан чыгарылсын;  
  • жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынан көрсөтүлгөн Эргешов Айбек Осмоналиевич, Дилдебаев Бактыбек Курманбекович, Усупбекова Тилекбүбү Түлөгуловна резервден комиссиянын курамына киргизилсин.
  1. Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясынын курамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
  • «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынан көрсөтүлгөн Карабаев Кадырбек Аширбекович, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынан көрсөтүлгөн Караев Асилбек Абласанович, Орозматов Ниязмамат Уванович, Абдылдаев Советбек Аскарович комиссиянын курамынан чыгарылсын; 
  • жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынан көрсөтүлгөн Толкунжанова Акбермет Толкунжановна, Сатбаралиева Жумагүл Сатбаралиевна, Сулайманов Нурмамат, Жапаров Рашид Жапарович резервден комиссиянын курамына киргизилсин.
  1. Нарын аймактык шайлоо комиссиясынын курамына  төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
  • жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынан көрсөтүлгөн Акитаева Асылкан, Кочкорбаева Турсунбүбү Осмоновна комиссиянын курамынан чыгарылсын; 
  • жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынан көрсөтүлгөн Омуралиев Уланбек Айманович, Арсыкулов Нурбек Жумабекович резервден комиссиянын курамына киргизилсин.

4. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана  Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т.У. Шайназаровго жүктөлсүн.

 

ТӨРАГА                           Н. ШАЙЛДАБЕКОВА                    

Бишкек ш., 2024-жылдын 17-сентябры

№ 128

негиздеме-кат