23.11.2024 №214 ​​​​​​​2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кербен шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Аксы аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө

2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кербен шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Аксы аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө

 

2024-жылдын 17-ноябрында Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 6-сентябрындагы №256 Жарлыгы менен дайындалган  Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кербен шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо болуп өттү.

Кербен шаардык кеңеши боюнча шайлоону өткөрүү үчүн бирдиктүү 1 шайлоо округ жана 18 шайлоо участок түзүлгөн.

Шайлоочулардын тизмесине 30 679 шайлоочу киргизилген.

Кербен шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоого 5 саясий партия катталган: «Адилет», «Жаны Кыргызстан», «Ынтымак», «Ишеним», «Бүтүн Кыргызстан».

Добуш берүүгө жалпысынан 9 036 шайлоочу катышты, бул жалпы шайлоочулардын 29,45%  түзөт, анын ичинен аралыктан добуш берууго 38 шайлоочу катышты.

Кербен шаардык кеңешинде мандаттардын саны 31.

Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча 5 саясий партиялар шайлоочулардын жалпы санынын 5 жана андан көп пайызынын добушуна ээ болду: «Жаны Кыргызстан» - 2809 добуш (31,42%) - 10 мандат; «Адилет» - 2304 добуш (25,77%) - 8 мандат «Ынтымак» - 1788 добуш (20%) - 6 мандат, «Ишеним» -1111 добуш (12,42%) - 4 мандат «Бүтүн-Кыргызстан» - 880 добуш(9,84%)-3мандат; 

«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 38, 56-1-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2024-жылдын 23-сентябындагы №136 токтому менен бекитилген «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо аралыктан добуш берүүнү уюштуруунун жана өткөрүүнүн, аралыктан добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөөнүн тартиби жөнүндө» Жобого ылайык:

- 18 участкалык шайлоо комиссияларындагы добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу жана аралыктан добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө аралыктан добуш берүүнүн шайлоо участкаларынын 2024-жылдын 17-ноябрындагы протоколдордун негизинде Аксы аймактык шайлоо комиссиясы шайлоолорду болуп өттү деп тааныды жана Кербен шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжаларын белгиледи.

Жалал-Абад облусунун Кербен шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө арыз даттануулар келип түшкөн жок.

«Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 27-пункттарына, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 38, 40, 51, 56-1-беренелерине ылайык,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Жалал-Абад облусунун Кербен шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Аксы аймактык шайлоо комиссиясынын 2024-жылдын 21-ноябрындагы протоколу бекитилсин (тиркелет).

2. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3. Бул токтомдун көчүрмөсү Аксы аймактык шайлоо комиссиясына жана Кербен шаардык кеңешине жиберилсин.

4. Аксы аймактык шайлоо комиссиясы шайлоонун натыйжалары жарыялангандан кийин 3 күндүк мөөнөттө шайланган Кербен шаардык кеңешинин депутаттарын каттасын жана аларга ырастамаларды, белгиленген үлгүдөгү төш белгилерди тапшырсын.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т. Шайназаровго жүктөлсүн.

 

 

 

ТӨРАГА                                                                   Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

 

Бишкек ш., 2024-жылдын 23-ноябры

№ 214