06.08.2021 №643 Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын мэрин шайлоону дайындоо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын мэрин шайлоону дайындоо жөнүндө

2021-жылдын 30-июлунда Кыргыз Республикасынын Бишкек шаардык кеңешинин биринчи сессиясы болуп өттү.

«Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерине, «Борбордун статусу жөнүндө» Республикасынын Мыйзамынын 23-беренесине ылайык, Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2013-жылдын 26-декабрындагы №191 токтому менен бекитилген «Бишкек жана Ош шаарларын мэрин шайлоо тартиби жөнүндө» жобосуна ылайык,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Бишкекшаарынын мэрин шайлоо 2021-жылдын26-августуна дайындалсын жана саат 09-00дөн 12-00гө чейин өткөрүлсүн.

2. Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жана Кыргыз Республикасынын өкмөтү тарабынан 2020-жылдын 11-майындагы № 244 токтому менен бекитилген санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин сакталышы менен өткөрүүнү уюштурсун.

3. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т. Шайназаровго жүктөлсүн.

ТӨРАГА ​​​​                                                                                                                                                                   Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

Бишкек ш., 2021-жылдын 6-августу

№ 643