Башкы БШКнын ЧУА Токтом 15.12.2021 №836 Бирдиктүү шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын …

15.12.2021 №836 Бирдиктүү шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө

Об изготовлении в типографии ОАО «Учкун» Кодекса Кыргызской Республики о выборах в Кыргызской Республике от 9 августа 2010 года, №141 16.12.2024 №266 Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын бош калган мандатын өткөрүп берүү жөнүндө Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын шайланган башчыларынын тизмеси 16.12.2024 №264 Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Ч.Т. Толоновдун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө 16.12.2024 №265 Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө Кызыл-Кыя, Сүлүктү, Су 10.01.2025 №1 Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө Талас шаардык, Сузак, Ка 23.01.2025 №2 Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Ж.Ш. Токторбаевдин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө 30.08.2023-ж. №82 26.11.2024 №263 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө 23.01.2025 №3 КРнын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган мандаттарды мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө 23.01.2025 №4 Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын бош калган мандатын өткөрүп берүү жөнүндө 26.11.2024 №262 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Талас облусунун Бакай-Ата районундагы Бакай-Ата айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжасы жөнүндө Бакай-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө 25.11.2024 №261 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Сузак жана Кара-Дарыя айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө Сузак аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу 25.11.2024 №260 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Чүй облусунун Москва районундагы Ак-Суу, Нарзан, Төлөк, Төрт-Гүл, Миң-Булак айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө Москва аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө 25.11.2024 №259 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Балыкчы аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө 24.11.2024 №258 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Кетмен-Дөбө жана Э. Иманалиев айылдык кеңештеринин депуттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө  Токтогул  аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө 24.11.2024 №257 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Ош облусунун Алай районундагы Гүлчө айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө Алай аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө 24.11.2024 №256 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Чүй облусунун Кара-Балта шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Кара-Балта аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө 24.11.2024 №255 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Чүй облусунун Сокулук районундагы Манас айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө Сокулук аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө 24.11.2024 №254 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Талас облусунун Бакай-Ата районундагы Акназаров, Биримдик, Күмүштак айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө Бакай-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө 24.11.2024 №253 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Ош облусунун Алай районундагы Жаңы-Алай, Жибек-Жолу, Курманжан-Датка, Памир-Алай, Тилектеш жана Үч-Дөбө-Алай айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө Алай аймактык шайлоо комиссия 24.11.2024 №252 ​​​​​​​2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Ош облусунун Ноокат районундагы А.Мирмахмудов, Бел, Гулистан, Жаңы-Ноокат, Кара-Таш, Кеңеш, Көк-Бел, Көк-Жар, Кыргыз-Ата, Н.Исанов, Т.Зулпуев, Т.Кулатов жана Төөлөс айылдык кеңештеринин депутатта 24.11.2024 №251 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Ош облусунун Кара-Суу районундагы Ала-Тоо, Баш-Булак, Датка, Жоош, Мады, Манас, Отуз-Адыр, Папан, Савай жана Ынтымак айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө Кара-Суу аймактык шай 24.11.2024 №250 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Ош облусунун Кара-Суу районундагы Кара-Суу шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө 24.11.2024 №249 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Баткен облусунун Кадамжай районундагы А.Масалиев, Ак-Турпак, Бирлик, Исхак-Полотхан, Майдан, Молдо Нияз, Орозбеков, Үч-Коргон айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө Кадамжай ай 24.11.2024 №248 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Баткен облусунун Кадамжай районунун Айдаркен шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары тууралуу Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө 24.11.2024 №247 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Баткен облусунун Кадамжай районунун Кадамжай шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары тууралуу Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө 24.11.2024 №246 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Чүй облусунун Сокулук районундагы З. Кайназарова атындагы, Военно-Антоновка, Гавриловка, Жаңы-Пахта, Күнтуу, Төмөнкү-Чүй, Сары-Өзөн, Сокулук айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жөнүн 24.11.2024 №245 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Чүй облусунун Сокулук районунун Шопоков шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Сокулук аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө 24.11.2024 №244 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Сары-Камыш, Толук, А. Суеркулов, жана Үч-Терек айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө Токтогул аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу 24.11.2024 №243 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Барпы, Атабеков, Кызыл-Туу, Багыш, Көк-Арт, жана Кыз-Көл, айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө Сузак аймактык шайлоо комиссиясынын прото 24.11.2024 №242 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Жалал-Абад облусунун Ноокен районуну Шамалдуу-Сай шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Ноокен аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө 23.11.2024 №241 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Сузак аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө 23.11.2024 №240 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Ош облусунун Ноокат районундагы Ноокат шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө 23.11.2024 №239 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Баткен облусунун Лейлек районундагы Ак-Суу, Жаңы-Жер, Кең-Талаа, Кулунду, Лейлек, Сумбула, Тогуз-Булак айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө Лейлек аймактык шайлоо комиссиясыны 23.11.2024 №238 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Баткен облусунун Лейлек районунун Раззаков шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары тууралуу Лейлек аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө 23.11.2024 №237 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Жалал-Абад облусунун Ноокен  районундагы Д.Садырбаев, Э.Алиев, Момбеков  жана Бүргөндү-Достук  айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө Ноокен аймактык шайлоо комиссиясынын проток 23.11.2024 №236 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Акман, Кеңеш, Арстанбап-Ата, жана Сайдыкум айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө Базар-Коргон аймактык шайлоо комиссиясынын проток 23.11.2024 №235 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Жалал-Абад облусунун Ноокен районуну Кочкор-Ата шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Ноокен аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө 23.11.2024 №234 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районуну Базар-Коргон шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Базар-Коргон аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө 23.11.2024 №233 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Майлуу-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө 23.11.2024 №232 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Ак-Кудук, Жайылма, Жээк, Кең-Булун, Кочкорбаев, Нурманбет, Сын-Таш, Узун-Кыр, Ысык-Ата айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө Ысык-Ата аймакты 23.11.2024 №231 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Чүй облусунун Чүй районундагы Биримдик, Бурана, Онбир-Жылга, С.Ибраимов,  Чүй айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө Чүй аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө 23.11.2024 №230 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Чүй облусунун Аламүдүн районундагы А. Сыдыков, Арашан, Байтик-Баатыр, Достук, Кара-Жыгач, С. Чокморов, Таш-Мойнок айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө Аламүдүн аймактык шайлоо 23.11.2024 №229 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Чүй облусунун Жайыл районундагы Ак-Башат, Жайыл, Сары-Коо, Суусамыр, Талды-Булак, Ынтымак айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө Жайыл аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жө 23.11.2024 №228 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Чүй облусунун Токмок шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Токмок аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө 23.11.2024 №227 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Баткен облусунун Баткен районундагы Ак-Сай, Ак-Татыр, Алтын-Бешик, Кара-Бак, Самаркандек, Суу-Башы, Төрт-Гүл айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө Баткен аймактык шайлоо комисс 23.11.2024 №226 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Баткен облусунун Сүлүктү шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары тууралуу Сүлүктү аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө 23.11.2024 №225 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары тууралуу Кызыл-Кыя аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө 23.11.2024 №224 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Баткен облусунун Баткен шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары тууралуу Баткен шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө

 

“Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 29-августундагы № 370 Жарлыгы менен дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо 2021-жылдын 28-ноябрында болуп өттү.

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 76-беренесине ылайык Жогорку Кеңеш 90 депутаттан турат. “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 59-беренесине ылайык, Жогорку Кеңештин 54 депутаты бирдиктүү шайлоо округунда – пропорционалдык тутум боюнча, 36 депутаты бир мандаттуу шайлоо округдарында мажоритардык тутум боюнча шайланат.

Бирдиктүү шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо үчүн Кыргыз Республикасынын аймагында 2494 участкалык шайлоо комиссиясы, алардын  59 – Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары, жана 36  округдук шайлоо комиссиясы комиссиясы түзүлдү.

Бирдиктүү шайлоо округу боюнча шайлоочулардын тизмелерине киргизилгендердин саны  3 703 420 шайлоочуну түздү, добуш берүүгө 1 281 622 шайлоочу катышты, бул шайлоочулардын жалпы санынын 34.61%ын түзөт.

Бирдиктүү шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого катышуу үчүн 21 саясий партиядан талапкерлердин тизмелери катталды. Бардыгы болуп 1046 талапкер көрсөтүлдү, алардын ичинен 1037 талапкер каталган. Өз арыздары боюнча 32 талапкер тизмеден чыгарылган.

Бирдиктүү шайлоо округу боюнча депутаттарды шайлоону өткөрүү үчүн 3 702 646 бюллетень даярдалды. Кыргыз тилинде – 2 970 167, орус тилинде – 732 489 бюллетень даярдалды. Мындан тышкары, 2 494 бюллетень Брайль ариби менен даярдалды.

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 37 жана 64-беренелерине ылайык, округдук шайлоо комиссияларынан түшкөн протоколдордун негизинде, алардан алынган добуш берүүнүн жыйынтыгы тууралуу маалыматтарды кошуу жолу менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы тарабынан жалпысынан бирдиктүү шайлоо округу боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө жыйынды маалыматтар боюнча жыйынды таблица түзүлдү (жыйынды таблица тиркелет).

Мында, округдук шайлоо комиссияларынын чечимдеринин негизинде жыйынды таблицаны түзүүдө жыйынтыгы жараксыз деп табылган 20 шайлоо участкасы боюнча маалыматтар алынып салынганы эске алынган.

Жыйынды таблицанын негизинде «Бирдиктүү шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жана добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө» № 2 протокол түзүлдү.

“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 64-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык, добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын добуштарынын жалпысынан республика боюнча 5 пайызынан, ар бир облус, Бишкек жана Ош шаарлары боюнча добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын добуштарынын 0,5 пайызынан азын алган саясий партиялар, талапкерлердин тизмелери депутаттык мандаттарды бөлүштүрүүдөн чыгарылат.

Ага ылайык, республика боюнча добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын 5%дан аз добушун алган 15 саясий партия депутаттык мандаттарды бөлүштүрүүдөн чыгарылды:

1. «Ата Мекен» -45568 добуш, 3.56 %;

2. «Легалайз» -7943 добуш, 0.62 %;

3. «Күчтүү Регион» - 8212 добуш, 0,64 %;

4. «Багыт» -12634 добуш, 0,99 %;

5. «Азаттык» -52183 добуш, 4,07 %;

6. «Мекенчил Эл» - 20522 добуш, 1.60 %;

7. «Кыргызстан Жашылдар Партиясы» -5266 добуш, 0.41 %;

8. «Жашасын Кыргызстан» -5615 добуш, 0.44 %;

9. «Социал-Демократтар» - 40280 добуш, 3.14 %;

10. «Аруузат-Эл Куту» -5869 добуш, 0.46 %;

11. «Кыргызстандын Бириктирүүчү патриоттук партиясы» -12279 добуш, 0.96 %;

12. «Улуттар Биримдиги» - 31382 добуш, 2.45 %;

13. «Эл Үмүтү» - 57642 добуш, 4,50 %;

14. «Ордо» - 5934 добуш, 0.46 %;

15. «Улуу-Журт» - 9376 добуш, 0.73 %.

 

«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 64-беренесинин 2-бөлүгүнүн экинчи абзацына ылайык,  добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын добуштарынын жалпысынан республика боюнча 5 жана андан көп пайызын, ар бир облус, Бишкек жана Ош шаарлары боюнча добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын добуштарынын 0,5 жана андан көп пайызын алган талапкерлердин тизмелерин көрсөткөн саясий партиялар депутаттык мандат алышат.

Ага ылайык, 6 саясий партия депутаттык мандаттарды бөлүштүрүүгө киргизилет:

1. «Ата-Журт Кыргызстан» -222005 добуш, 17.32 %;

2. «Ишеним» - 174470 добуш, 13.61%;

3. «Ынтымак» - 141009 добуш, 11.00 %;

4. «Альянс» -106955 добуш, 8.35 %;

5. «Бүтүн Кыргызстан» - 90223 добуш, 7.04 %;

6. «Ыйман Нуру» - 79025 добуш, 6.17 %.

 

«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 37 жана 64-беренелерин жетекчиликке алып жана «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4 жана 8-беренелерине, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнү, добуш берүүнүн жыйынтыктарын жана шайлоонун натыйжаларын аныктоону уюштуруунун тартиби жөнүндө» Жобого ылайык,

 

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бирдиктүү шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо болуп өттү деп таанылсын.

2. “Бирдиктүү шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө” № 2 протокол бекитилсин (№№1-21 тиркемелери менен тиркелет).

3. Төмөнкү саясий партиялар депутаттык мандаттарды бөлүштүрүүдөн чыгарылсын:

1. «Ата Мекен»

2. «Легалайз»

3. «Күчтүү Регион»

4. «Багыт»

5. «Азаттык»

6. «Мекенчил Эл»

7. «Кыргызстан Жашылдар Партиясы»

8. «Жашасын Кыргызстан»

9. «Социал-Демократтар»

10. «Аруузат-Эл Куту»

11. «Кыргызстандын Бириктирүүчү патриоттук партиясы»

12. «Улуттар Биримдиги»;

13. «Эл Үмүтү»

14. «Ордо»

15. «Улуу-Журт»

4. Бирдиктүү шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 54 депутаттык мандаты төмөнкү саясий партиялардын ортосунда бөлүштүрүлсүн:

«Ата-Журт Кыргызстан» – 15 депутаттык мандат;

«Ишеним» – 12 депутаттык мандат;

«Ынтымак» – 9 депутаттык мандат;

«Альянс» – 7 депутаттык мандат;

«Бутун Кыргызстан» – 6 депутаттык мандат;

«Ыйман Нуру» – 5 депутаттык мандат.

5. «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 64-беренесинин 4-бөлүгүнүн биринчи абзацына ылайык, депутаттык мандаттардын төмөнкү саны шайлоочулардын кыйла көп добуштарын алган аял талапкерлердин арасында  төмөнкү тартипте бөлүштүрүлсүн:

«Ата-Журт Кыргызстан» – 5 депутаттык мандат;

«Ишеним» – 4 депутаттык мандат;

«Ынтымак» – 3 депутаттык мандат;

«Альянс» – 3 депутаттык мандат;

«Бутун Кыргызстан» – 2 депутаттык мандат;

«Ыйман Нуру» – 2 депутаттык мандат.

6. «Ата-Журт Кыргызстан», «Ишеним», «Ынтымак», «Альянс», «Бүтүн Кыргызстан», «Ыйман Нуру» саясий партияларынын талапкерлеринин тизмелериндеги талапкерлердин кезектүүлүгү “Бирдиктүү шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө” № 2 протоколго тиркемелерге (тиркелет) ылайык ар бир талапкер алган шайлоочулардын добуштарынын санына жараша аныкталсын.

7. Төмөнкү саясий партиялардан талапкерлер бирдиктүү шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин шайланган депутаттары деп таанылсын:

 «Ата-Журт Кыргызстан»:

  1. Торобаев Бакыт Эргешевич
  2. Исмаилов Фархат Даткабаевич
  3. Сарыбашов Таалайбек Насирбекович
  4. Маткеримов Айбек Тураталиевич
  5. Токторбаев Жеңишбек Шермаматович
  6. Сулайманов Эльдар Нурланович
  7. Сабиров Равшанбек Азатович
  8. Садырбаева Жылдыз Эсенбековна
  9. Козуев Алишер Абибиллаевич
  10. Кыдыкбаев Жаныбек Султанович
  11. Масабиров Талайбек Айтмаматович
  12. Исаева Джамиля Кубанычбековна
  13. Нарматова Надира Азимовна
  14. Талиева Камила Абдыразаковна
  15. Култаева Гулшаркан Оконовна

 

 «Ишеним»:

  1. Алиев Медербек Кубанычевич
  2. Джусупов Эмилбек Рамидинович
  3. Таалайбек кызы Жылдыз
  4. Омурзаков Суйунбек Абдылдаевич
  5. Ормонов Улугбек Зулпукарович
  6. Сыдыгалиев Нурбек Омурбекович
  7. Мураталиев Марат Молдонович
  8. Шабазов Бахридин Валиевич
  9. Жакышов Русланбек Шергазиевич
  10. Темирбаева Миргул Омурзаковна
  11. Абдибаева Айсара Нышановна
  12. Султанбекова Чолпон Аалыевна

 

 «Ынтымак»:

  1. Кокулов Эрулан Калчороевич
  2. Мажитова Шарапаткан
  3. Мамытов Талант Турдумаматович
  4. Тентишев Бакыт Эркинович
  5. Сыдыков Мурадил Жанышбекович
  6. Маматалиев Марлен Абдырахманович
  7. Түлөбаев Балбак Зарлыкович
  8. Исатбек кызы Аида
  9. Лурова Лейла Хияновна

«Альянс»:

  1. Айдарбеков Чингиз Азаматович
  2. Сулайманов Алтынбек Турдубаевич
  3. Исираилов Азамат Алмазбекович
  4. Алимжанов Фарходбек Айбекович
  5. Молдобекова Гулкан Сакиновна
  6. Алимжанова Нилуфар Якубжановна
  7. Оргалча Токтобубу

«Бүтүн Кыргызстан»:

  1. Мадумаров Адахан Кимсанбаевич
  2. Масалиев Исхак Абсаматович
  3. Токтошев Эмиль Токтакунович
  4. Эрбаев Алишер Ташбаевич
  5. Нарматова Орозайым Кочконбаевна
  6. Кожокулова Гуля Акматкуловна

«Ыйман Нуру»:

  1. Кадырбеков Нуржигит Кадырбекович
  2. Айжигитов Султанбай Абдрашитович
  3. Мамасадыков Замирбек Дуйшалыевич
  4. Ашимова Динара Ашимовна
  5. Раимбачаева Винера Калыбековна

8. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

9. Бул токтомдун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жөнөтүлсүн.

10. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т.У.Шайназаровго жүктөлсүн.

 

ТӨРАГА                                                   Н.ШАЙЛДАБЕКОВА

Бишкек ш. 2021-жылдын 15-декабры

№836