05.03.2024 №18 Өзгөн, Москва жана Тогуз-Торо аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Өзгөн, Москва жана Тогуз-Торо аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

 

Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөсү С.Т. Рысалиеванын, Москва аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Б.А. Саралаевдин жана Тогуз-Торо аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөсү А.Э. Калманбетовдун Өзгөн, Москва жана Тогуз-Торо аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарынан чыгаруу жөнүндө арыздарынын негизинде, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерине, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесине, 22-беренесинин 10-бөлүгүнүн 1, 2-пунктарына, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 6-декабрындагы №176 токтому менен бекитилген «Шайлоо комиссияларын түзүү, таркатуу жана шайлоо комиссияларынын резервин түзүү, жүргүзүү тартиби жөнүндө» Жобого ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясынын курамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:                                                                                          

-жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Рысалиева Сабира Тургунбаевна комиссиянын курамынан чыгарылсын;                                                                                                                 -жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Манабаев Бектур Медетбаевич резервден комиссиянын курамына киргизилсин.

2. Москва аймактык шайлоо комиссиясынын курамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

-жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Саралаев Бейшенбек Аланбаевич комиссиянын курамынан чыгарылсын;            

- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Акматбеков Максат Турусбекович резервден комиссиянын курамына киргизилсин.

3. Тогуз-Торо аймактык шайлоо комиссиясынын курамына  төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

-жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Калманбетов Алмазбек Элебесович комиссиянын курамынан чыгарылсын;                                                                                                         

- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Базаркулов Бакытбек Дербишалиевич резервден комиссиянын курамына киргизилсин.

4. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т.У. Шайназаровго жүктөлсүн.

 

 

 

ТӨРАГА                                                                       Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

 

Бишкек ш., 2024-жылдын 5-марты
№ 18

-