24.11.2024 №245 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Чүй облусунун Сокулук районунун Шопоков шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Сокулук аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө

2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Чүй облусунун Сокулук районунун Шопоков шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Сокулук аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө

 

2024-жылдын 17-ноябрында Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 6-сентябрындагы №256 Жарлыгы менен дайындалган Чүй облусунун Сокулук районунун Шопоков шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо болуп өттү.

Шопоков шаардык кеңеши боюнча шайлоону өткөрүү үчүн бирдиктүү 1 шайлоо округ жана 5 шайлоо участок түзүлгөн.

Шайлоочулардын тизмесине 8 108 шайлоочу киргизилген.

Сокулук шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоого 5 саясий партия катталган: «Адилет», «Социал-Демократы», «Ынтымак», «Жаңы Кыргызстан».

Добуш берүүгө жалпысынан 1 799 шайлоочу катышты, бул жалпы шайлоочулардын 22,19%  түзөт, анын ичинде аралыктан добуш берүүгө 2 шайлоочу катышты.

Шопоков шаардык кеңешинде мандаттардын саны 21.

Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча 4 саясий партиялар шайлоочулардын жалпы санынын 5 жана андан көп пайызынын добушуна ээ болду: «Адилет» - 918 добуш (50,44%) - 11 мандат; «Социал- Демократтар» - 238 добуш (13,08%) - 3 мандат; «Ынтымак» - 389 добуш (21,37%) - 5 мандат; «Бирге-Вместе» - 167 добуш (9,18%) - 2 мандат.

«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 38, 56-1-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2024-жылдын 23-сентябындагы №136 токтому менен бекитилген «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо аралыктан добуш берүүнү уюштуруунун жана өткөрүүнүн, аралыктан добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөөнүн тартиби жөнүндө» Жобого ылайык:

- 5 участкалык шайлоо комиссияларындагы добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу жана аралыктан добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө аралыктан добуш берүүнүн шайлоо участкаларынын
2024-жылдын 21-ноябрындагы протоколдордун негизинде Сокулук аймактык шайлоо комиссиясы шайлоолорду болуп өттү деп тааныды жана Шопоков шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжаларын белгиледи.

Чүй облусунун Сокулук районунун Шопоков шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө арыз жаттануулар келип түшкөн жок.

«Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 27-пункттарына, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 38, 40, 51, 56-1-беренелерине ылайык,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Чүй облусунун Сокулук районунун Шопоков шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Сокулук аймактык шайлоо комиссиясынын 2024-жылдын 21-ноябрындагы протоколу бекитилсин (тиркелет).

2. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3. Бул токтомдун көчүрмөсү Сокулук аймактык шайлоо комиссиясына жана Шопоков шаардык кеңешине жиберилсин.

4. Сокулук аймактык шайлоо комиссиясы шайлоонун натыйжалары жарыялангандан кийин 3 күндүк мөөнөттө шайланган Шопоков шаардык кеңешинин депутаттарын каттасын жана аларга ырастамаларды, белгиленген үлгүдөгү төш белгилерди тапшырсын.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т. Шайназаровго жүктөлсүн.

 

 

 

ТӨРАГА                                                                   Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш., 2024-жылдын 24-ноябры

№ 245