16.09.2024 №119 КР БШКнын 2016-жылдын 11-октябрындагы № 154 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

 

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 11-октябрындагы № 154 “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө талапкерлердин, саясый партиялардын шайлоо фонддорунун акча каражаттарын түзүүнүн, алардын келип түшүшүн жана чыгымдалышын эсепке алуунун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

 

“Жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 2-августундагы № 158 Мыйзамына ылайык, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4 жана 8-беренелерин жетекчиликке алып,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

 

1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 11-октябрындагы № 154 “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө талапкерлердин, саясый партиялардын шайлоо фонддорунун акча каражаттарын түзүүнүн, алардын келип түшүшүн жана чыгымдалышын эсепке алуунун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна               (КР БШКнын 2020-жылдын 22-январындагы № 10, 2020-жылдын                           12-мартындагы №75, 2022-жылдын 8-февралындагы №9 токтомдорунун редакциясы) төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) Жогоруда аталган токтом менен бекитилген “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө талапкерлердин, саясый партиялардын шайлоо фонддорунун акча каражаттарын түзүүнүн, алардын келип түшүшүн жана чыгымдалышын эсепке алуунун тартиби жөнүндө” жободо:

-1.1-пунктунун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“Жарандар айылдык кеңештерге өзүн өзү көрсөткөн учурдан баштап жана саясий партиялар ыйгарым укуктуу өкүлү аркылуу шайлоо кампаниясын каржылоо үчүн шайлоо фонддорун түзө алышат.

Өздөрүн көрсөткөн талапкерлерге, айылдык кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди көрсөткөн саясий партияларга шайлоо фондун түзбөгөн учурда акча каражаттарын жумушка жана кызмат көрсөтүүгө акы төлөөгө, шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүүгө жана башка шайлоо иш-чараларын жүргүзүүгө пайдаланууга тыюу салынат.”;

- 1.1-пункттун үчүнчү абзацындагы "Саясий партиялар тарабынан айылдык кеңешке көрсөтүлгөн талапкерлер" деген сөздөр алып салынсын;

- 2.2-пункту төмөнкүдөй мазмундагы сүйлөм менен толукталсын:

“Мында көрсөтүлгөн каражаттарды кайтарып берүү менен байланышкан чыгымдар аларды чегерген жарандар менен уюмдардын эсебинен жабылат.”;

-7.1-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:

“Ошол эле учурда талапкердин, саясий партиянын шайлоо кампаниясы менен байланышкан белгилүү бир иштерди аткарганы (кызматтарды көрсөткөнү) үчүн даректүү социалдык жардам алуучу аз камсыз болгон жана жеңилдиктерге укугу бар адамдарга накталай эмес эсептешүү боюнча акы төлөнүүсү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган үчүн мыйзамдарда каралган социалдык төлөмдөрдү төлөөдөн баш тартуусуна себеп болбойт.”;

- 8.1-пункттун экинчи абзацынын 3-пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын;

- 8.3-пункттун биринчи абзацындагы “депутаттыкка талапкерлерге” деген сөздөр алып салынсын;

- 8.3-пункттун 2-пунктчасында. “талапкерди,” деген сөз алып салынсын;

- 8.3-пункттун 3-пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын;

- 8-глава төмөнкүдөй мазмундагы 8.5-пункт менен толукталсын:

“Мыйзамдарды бузуунун натыйжасында добуш берүү күнүнө чейин саясий партиянын талапкерлеринин тизмесин каттоо жокко чыгарылган учурда, саясий партия тарабынан төгүлгөн шайлоо күрөөсү кайтарылып берилбейт жана бюджетке чегерилүүгө тийиш.”.

2. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т.У. Шайназаровго жүктөлсүн.

 

ТӨРАГА                                                                         Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

Бишкек, 2024-жылдын 16-сентябры

№ 119