03.10.2024 №159 Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы №3139, №3149, № 3157 шайлоо участкаларынын даректерин өзгөртүү жөнүндө

Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы №3139, №3149, № 3157 шайлоо участкаларынын даректерин өзгөртүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына Каракол аймактык шайлоо комиссиясынын 2024-жылдын 17-сентябрындагы № 14, 27-сентябрындагы №15, 1-октябрындагы №17 Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы №3139, №3149 жана № 3157 шайлоо участкаларынын дарегин өзгөртүү жөнүндө чечими келип түшкөн.

Каракол аймактык шайлоо комиссиясынын чечими 2024-жылдын 12-сентябряндагы №01-16-4528, 24-сентябрындагы №01-16-4749, 30-сентябрындагы №01-16-4846 Каракол шаарынын мэриясынын   кайрылууларынын негизинде кабыл алынган.

«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесине «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 20-январындагы № 4 токтому менен бекитилген «Шайлоо округтарынын жана шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын башкаруунун тартиби жөнүндө» жобону  жетекчиликке алып,  

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

 

1. Ысык-Көл облусунун Каракол шаарынын №3139 шайлоо участкасынын дареги Торгоев №89 көчөсүндө жайгашкан №4 коомдук алдын алуу борборунун имаратынан Ысык-Кол №78 көчөсүндөгү «Нурислам» ишканасынын имаратына ѳзгѳртүлсүн. 
2. Ысык-Көл облусунун Каракол шаарынын №3149 шайлоо участкасынын дареги Гебзе №120 көчөсүндө жайгашкан К.Тыныстанов атындагы мамлекеттик университетинин №3 корпустун имаратынан Гагарин №23 көчөсүндө жайгашкан Каракол шаардык билим берүү борборунун имаратына ѳзгѳртүлсүн.
3. Ысык-Көл облусунун Каракол шаарынын №3157 шайлоо участкасынын дареги Карасаев №147 көчөсүндө жайгашкан №6 балдар бакчасынын имаратынан Карасаев №135 «Б» көчөсүндө жайгашкан №16 балдар бакчасынын имаратына ѳзгѳртүлсүн.
4. Каракол аймактык шайлоо комиссиясы Каракол шаарынын мэриясы менен биргеликте шайлоо участкаларынын даректерин өзгөртүү боюнча шайлоочулар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн.
5. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары  Т.У. Шайназаровго жүктѳлсүн.

 

ТѲРАГА                                                                   Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

Бишкек ш., 2024-жылдын 3-октябры

№159