07.07.2021 № 616 2021-жылдын3-июлунда өткөрүлгөн Ош облусунун Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасыжөнүндө протоколдорду бекитүү тууралуу

2021-жылдын3-июлунда өткөрүлгөн Ош облусунун Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасыжөнүндө протоколдорду бекитүү тууралуу

2021-жылдын3-июлунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын19-июнундагы № 526токтому менен дайындалган Ош облусунун Кара-Суу   районунун Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн башчысынкайра шайлоо болуп өттү.

Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 3 талапкер – Азимбеков Нурбек Абдыкеримович, Калмуратов Мамбет Маматалиевич, Мадалиев Хамидулла Аманулаевич, Кызыл-Кыштакайылдык кеңешинин депутаттарынансунушталып катталган.

Кара-Сууаймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 3-июлундагыпротоколу мененКызыл-Кыштак айылдык кеңешиндеги 31депутаттын бардыгы катышып, Н. А. Азимбеков - 4 добуш, М.М. Калмуратов– 0 добуш, Х.А. Мадалиев– 27 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 0 добуш берилгендиги белгиленген.

Кара-Сууаймактык шайлоо комиссиясынын кайра шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 3-июлундагыпротоколу мененМадалиев Хамидулла АманулаевичКызыл-Кыштакайыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.

Ош облусунун Кара-Суурайонунун Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгына жана шайлоонун натыйжасына арыз, даттануулар түшкөн жок.

2021-жылдын 3-июлундагыКара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын Кызыл-Кыштак   айыл өкмөтүнүн башчысынкайра шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерине, «Жергиликтүү өз алдынчабашкаруужөнүндө»Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын49-беренесине,
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы №3 токтому менен бекитилген «Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө» Жобосуна ылайык,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. 2021-жылдын3-июлунда өткөрүлгөн Ош облусунун Кара-Суу   районунун Кызыл-Кыштакайыл өкмөтүнүн башчысынкайра шайлоодо
добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун
натыйжасы тууралуу Кара-Суу   аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 3-июлундагыпротоколдорубекитилсин.

1.1. Ош облусунун Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн башчысынкайра шайлоо өттү деп табылсын.

1.2. Мадалиев Хамидулла АманулаевичОш облусунун Кара-Суу   районунунКызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.

2. Кара-Сууаймактык шайлоо комиссиясы шайланганКызыл-Кыштак   айыл өкмөтүнүн башчысына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү тапшырсын.

3. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т.У. Шайназаровго жүктөлсүн.

ТӨРАГА                                                                          Н. ШАЙЛДАБЕКОВА                                                                                               

Бишкек ш., 2021-жылдын 7-июлу

№616