17.10.2024 №164 Ош облусунун Чоң-Алай районундагы №5162 жана №5155 шайлоо участкаларынын даректерин өзгөртүү жөнүндө

Ош облусунун Чоң-Алай районундагы 5162 жана5155 шайлоо участкаларынын даректерин өзгөртүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына Чоң-Алай аймактык шайлоо комиссиясынын 2024-жылдын 14-октябрындагы №8, Ош облусунун Чоң-Алай районундагы №5162 жана №5155 шайлоо участкаларынын даректерин өзгөртүү жөнүндө чечими келип түшкөн.  

Чоң-Алай аймактык шайлоо комиссиясынын чечими 2024-жылдын 13-октябрындагы №01-34/1468 Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн, 2024-жылдын 13-октябрындагы №606 Жекенди айыл өкмөтүнүн кайрылууларынын негизинде кабыл алынган.

«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 20-январындагы № 4 токтому менен бекитилген «Шайлоо округтарынын жана шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын башкаруунун тартиби жөнүндө» жобону  жетекчиликке алып,  

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

 

1. Ош облусунун Чоң-Алай районунун Чоң-Алай айыл аймагындагы №5162 шайлоо участкасынын дареги Чоң-Алай айыл аймагынын Дароот-Коргон айылындагы спорт залынын имаратынан Ч.Сулайманов көч., №180 дареги боюнча жайгашкан А.Мурзакулов атындагы орто мектебинин имаратына өзгөртүлсүн. 
2. Ош облусунун Чоң-Алай районунун Жекенди айыл аймагындагы №5155 шайлоо участкасынын дареги Жекенди айыл аймагынын Жекенди айылындагы спорт залынын имаратынан Ак чөп көч., №3 дареги боюнча жайгашкан «Кыргызстан» орто мектебинин имаратына өзгөртүлсүн. 
3. Чоң-Алай аймактык шайлоо комиссиясы Чоң-Алай жана Жекенди айыл өкмөттөрү менен биргеликте шайлоо участкаларынын даректерин өзгөртүү боюнча шайлоочулар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн.
4. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары  Т.У. Шайназаровго жүктѳлсүн.

 

 

ТӨРАГА                                                                   Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш., 2024-жылдын 17-октябры

№164