№64

Бишкек, Токмок, Сүлүктү, Ноокен, Чаткал, Талас, Кара-Кулжа жана Өзгөн аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитүү тууралуу

 

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери келип түштү:

1) “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 1-пунктунун жана “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктунун негизинде депутаттык ыйгарым укуктарын тапшыруу жөнүндө жазуу жүзүндө арыз бергендигине байланыштуу жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечимдер:

  • Токмок аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 18-майындагы № 4 Чүй облусунун Токмок шаардык кеңеши боюнча;
  • Сүлүктү аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 19-майындагы № 6 Баткен облусунун Сүлүктү шаардык кеңеши боюнча;
  • Ноокен аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 20-майындагы № 8 Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Э. Алиев айылдык кеңеши боюнча;
  • Чаткал аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 20-майындагы №2 Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Терек-Сай айылдык кеңеши боюнча;
  • Талас аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 20-майындагы №11 Талас облусунун Талас районунун Шумкар-Уя айылдык кеңеши боюнча;
  • Кара-Кулжа аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 21-майындагы № 8 Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Ой-Тал жана Кара-Гуз айылдык кеңештери боюнча;

2) Ноокен аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 20-майындагы №8 “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 10-пунктунун негизинде, Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Э.Алиев айылдык кеңешинин жүйөөлүү себептерсиз жергиликтүү кеңештин жыйналыштарына бир жыл ичинде төрт жолудан ашык катышпагандыгына байланыштуу жергиликтүү кеңештин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечими.

3) жеке арыздарынын негизинде катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жөнүндө чечимдер:

  • Чаткал аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 20-майындагы №2 Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Терек-Сай айылдык кеңеши боюнча;
  • Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 22-майындагы №9 Ош облусунун Өзгөн районунун Өзгөн шаардык кеңеши боюнча.

4) “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунун жана 1-1-пунктунун негизинде бош калган мандатты тиешелүү көп мандаттуу шайлоо округу боюнча добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын добуштарынын көбүн алган шайланган депутаттардан кийинки талапкерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдер:

  • Ноокен аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 20-майындагы № 8 Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Э. Алиев айылдык кеңеши боюнча;
  • Чаткал аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 20-майындагы № 2 Терек-Сай айылдык кеңеши боюнча;
  • Талас аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 20-майындагы № 12 Талас облусунун Талас районунун Шумкар-Уя айылдык кеңеши боюнча;
  • Кара-Кулжа аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 21-майындагы № 9 Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Ой-Тал жана Кара-Гуз айылдык кеңештери боюнча;

5) “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3-пунктунун жана 1-1-бөлүгүнүн негизинде бош калган мандатты саясий партиянын тизмесиндеги шайланган депутаттан кийинки талапкерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдер:

  • Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 20-майындагы № 25 Бишкек шаардык кеңеши боюнча;
  • Токмок аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 18-майындагы № 4 Чүй облусунун Токмок шаардык кеңеши боюнча;
  • Сүлүктү аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 19-майындагы № 6 Баткен облусунун Сүлүктү шаардык кеңеши боюнча.

Аймактык шайлоо комиссияларынын кабыл алынган чечимдери “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесинин, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин жана “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин талаптарына ылайык келет.

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 28-пунктуна ылайык, Борбордук шайлоо комиссиясы аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө, катталган талапкерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жөнүндө жана жергиликтүү кеңештин депутатынын бош калган мандатын өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитет.

Бекитүүгө келип түшкөн аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдеринин Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин жана Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3, 5-беренелеринин талаптарына шайкештигин карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы токтом кылат:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

Токмок, Сүлүктү, Ноокен, Чаткал, Талас жана Кара-Кулжа аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечимдери 1-тиркемеге ылайык;

– Чаткал жана Өзгөн аймактык шайлоо комиссияларынын катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жөнүндө чечимдери 2-тиркемеге ылайык;

Бишкек, Токмок, Сүлүктү, Ноокен, Чаткал, Талас жана Кара-Кулжа аймактык шайлоо комиссияларынын бош калган мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери 3-тиркемеге ылайык.

2. Ушул токтомдун 1-тиркемесинде көрсөтүлгөн жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ырастамалары ушул токтом жарыяланган күндөн тартып жараксыз деп таанылсын.

3. Бишкек, Токмок, Сүлүктү, Ноокен, Чаткал, Талас жана Кара-Кулжа аймактык шайлоо комиссиялары ушул токтомдун 3-тиркемесине ылайык жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын катташсын жана аларга белгиленген үлгүдөгү ырастамаларды жана төш белгилерди тапшырышсын.

4. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын “Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитине жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

5. Ушул токтомдун көчүрмөсү тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жана жергиликтүү кеңештерге жөнөтүлсүн.

6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.С. Жупуевага жүктөлсүн.

 

Төрага                                                                                                                               Т. Шайназаров

 

Бишкек ш., 2026-жылдын 28-майы

№64