24.11.2024 №256 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Чүй облусунун Кара-Балта шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Кара-Балта аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө

2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Чүй облусунун Кара-Балта шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Кара-Балта аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө

 

2024-жылдын 17-ноябрында Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 6-сентябрындагы №256 Жарлыгы менен дайындалган  Чүй облусунун Кара-Балта шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо болуп өттү.

Кара-Балта шаардык кеңеши боюнча шайлоону өткөрүү үчүн бирдиктүү 1 шайлоо округ жана 17 шайлоо участок түзүлгөн.

Шайлоочулардын тизмесине 37 756 шайлоочу киргизилген.

Кара-Балта шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоого 9 саясий партия катталган: «Ишеним», «Жаңы Кыргызстан», «Ынтымак», «Ыйман Нуру», «Эл Биримдиги», «ЭлАман», «Бирге-Вместе», «Ордо», «Кыргызстан Комунистер Партиясы».

Добуш берүүгө жалпысынан 11 726 шайлоочу катышты, бул жалпы шайлоочулардын 31,06%  түзөт, анын ичинде аралыктан добуш берүүгө 13 шайлоочу катышты.

Кара-Балта шаардык кеңешинде мандаттардын саны 31.

Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча 6 саясий партиялар шайлоочулардын жалпы санынын 5 жана андан көп пайызынын добушуна ээ болду: «Ишеним» - 2704 добуш (23,46%) - 8 мандат; «Жаңы Кыргызстан» - 2415 добуш (20,95%) - 7 мандат; «Ыйман Нуру» - 1435 добуш (12,45%) - 5 мандат; «Ынтымак» - 1656 добуш (14,35%) - 5 мандат; «Эл Биримдиги» - 1275 добуш (11,06%) - 4 мандат; «ЭлАман» - 735 добуш (6,12%) - 2 мандат.

«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 38, 56-1-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2024-жылдын 23-сентябындагы №136 токтому менен бекитилген «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо аралыктан добуш берүүнү уюштуруунун жана өткөрүүнүн, аралыктан добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөөнүн тартиби жөнүндө» Жобого ылайык:

- 17 участкалык шайлоо комиссияларындагы добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу жана аралыктан добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө аралыктан добуш берүүнүн шайлоо участкаларынын 2024-жылдын 21-ноябрындагы протоколдордун негизинде Кара-Балта аймактык шайлоо комиссиясы шайлоолорду болуп өттү деп тааныды жана Кара-Балта шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжаларын белгиледи.

Чүй облусунун Кара-Балта шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө Кара-Балта аймактык шайлоо комиссиясына 12 арыз түшкөн. Келип түшкөн арыздар каралып, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чечим кабыл алынган. Кабыл алынган чечимдерге даттануулар келип түшкөн жок.

«Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 27-пункттарына, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 38, 40, 51, 56-1-беренелерине ылайык,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Чүй облусунун Кара-Балта шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Кара-Балта аймактык шайлоо комиссиясынын 2024-жылдын 21-ноябрындагы протоколу бекитилсин (тиркелет).

2. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3. Бул токтомдун көчүрмөсү Кара-Балта аймактык шайлоо комиссиясына жана Кара-Балта шаардык кеңешине жиберилсин.

4. Кара-Балта аймактык шайлоо комиссиясы шайлоонун натыйжалары жарыялангандан кийин 3 күндүк мөөнөттө шайланган Кара-Балта шаардык кеңешинин депутаттарын каттасын жана аларга ырастамаларды, белгиленген үлгүдөгү төш белгилерди тапшырсын.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т. Шайназаровго жүктөлсүн.

 

 

ТӨРАГА                                                                   Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш., 2024-жылдын 24-ноябры

№256