17.04.2023 №34 2023-жылдын 9-апрелинде болуп өткөн Нарын облусунун Жумгал районунун Чаек жана Көк-Ой айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Жумгал аймактык шайлоо комиссиясынын протоколдору жөнүндө

2023-жылдын 9-апрелинде болуп өткөн Нарын облусунун Жумгал районунун Чаек жана Көк-Ой айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Жумгал аймактык шайлоо комиссиясынын протоколдору жөнүндө

 

2023-жылдын 9-апрелинде Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 6-февралындагы № 19 Жарлыгы менен дайындалган Нарын облусунун  Жумгал районунун Чаек жана Көк-Ой айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо болуп өттү.

«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесине ылайык Нарын облусунун Жумгал районунун Чаек айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнү уюштуруу үчүн 6 шайлоо участогу ачылган. «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө»

Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесине ылайык 4 шайлоо округу түзүлгөн.

Чаек айылдык кеңешинде жалпы депутаттык мандаттын саны - 21, анын ичинен 8 мандат аялдар үчүн резервге калтырылган. 46 талапкер катталган, анын ичинен 17 талапкер аялдар. 21 депутат шайланды, анын ичинен 8 депутат аялдар.

Шайлоочулардын тизмесине 8190 шайлоочу киргизилген. Добуш берүүгө жалпысынан 2978 шайлоочу катышып, 36,36%ды түздү.

Жумгал аймактык шайлоо комиссиясы 6 участкалык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдорунун негизинде Нарын облусунун Жумгал районунун   Чаек айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилеп, шайлоо натыйжаларын аныктаган.

«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесине ылайык Нарын облусунун Жумгал районунун Көк-Ой айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнү уюштуруу үчүн 3 шайлоо участогу ачылган. «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө»  Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесине ылайык 2 шайлоо округу түзүлгөн.

Көк-Ой айылдык кеңешинде жалпы депутаттык мандаттын саны  - 11, анын ичинен 4 мандат аялдар үчүн резервге калтырылган.

21 талапкер катталган, анын ичинен 8 талапкер аялдар. 11 депутат шайланды, анын ичинен 5 депутат аялдар.

Шайлоочулардын тизмесине 2054 шайлоочу киргизилген. Добуш берүүгө жалпысынан 882 шайлоочу катышып, 42,94%ды түздү.

Жумгал аймактык шайлоо комиссиясы 3 участкалык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдорунун негизинде Нарын облусунун Жумгал районунун  Көк-Ой айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилеп, шайлоо натыйжаларын аныктаган.

Нарын облусунун Жумгал районунун жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде Жумгал аймактык шайлоо комиссиясына арыз жана даттануулар келип түшкөн жок.

«Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн   2, 27-пункттарына, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 38, 40, 51, 59-1, 62-беренелерине ылайык,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Нарын облусунун Жумгал аймактык шайлоо комиссиясынын 2023-жылдын 12-апрелиндеги

- Чаек айылдык кеңешинин;

- Көк-Ой айылдык кеңешинин

депутаттарын шайлоо натыйжалары жөнүндө протоколдору бекитилсин (тиркелет).

2. Бул токтом «Эркин–Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3. Бул токтомдун көчүрмөсү Жумгал аймактык шайлоо комиссиясына, Чаек жана Көк-Ой айылдык кеңештерге жиберилсин.

4. Жумгал аймактык шайлоо комиссиясы шайлоонун натыйжалары жарыялангандан кийин 3 күндүк мөөнөттө шайланган Чаек жана Көк-Ой айылдык кеңештеринин депутаттарын каттасын жана аларга ырастамаларды, белгиленген үлгүдөгү төш белгилерди тапшырсын.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т.У. Шайназаровго жүктөлсүн.

 

ТӨРАГА                                                                     Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш., 2023-жылдын 17-апрели

№ 34