09.10.2025 №101
Чет өлкөдө жашаган жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу маселелери жөнүндө
“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 9-июнундагы № 113 конституциялык Мыйзамынын 2-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 5, 8-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы токтом кылат:
1. Чет өлкөдө жашаган жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу боюнча жумушчу топ жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “Чет өлкөдөгү жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” 2025-жылынын 1-августундагы № 48 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Чет өлкөдөгү жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу жөнүндө жободо:
- 5-пункттун үчүнчү абзацында “12” деген сандар “15” деген сандарга алмаштырылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 7-1-пункт менен толукталсын:
“7-1. Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жашаган же жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын ишке ашыруу максатында, Борбордук шайлоо комиссиясы жумушчу топ түзүүгө укуктуу.
Жумушчу топтун ишинин тартиби Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан аныкталат.”.
3. Бул токтом “Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитине жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Н.Ч. Койчукеевге жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага Т. Шайназаров
Бишкек ш., 2025-жылдын 10-октябры
№ 101
