17.10.2024 №163 Ош шаарындагы №5273, №5325, №5563, №5564 жана №5283 шайлоо участкаларынын даректерин өзгөртүү жөнүндө

Ош шаарындагы 5273, №5325, №5563, №5564 жана №5283 шайлоо участкаларынын даректерин өзгөртүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына Ош аймактык шайлоо комиссиясынын 2024-жылдын 10-октябрындагы №14, Ош шаарындагы №5273, №5325, №5563, №5564 жана №5283 шайлоо участкаларынын даректерин өзгөртүү жөнүндө чечими келип түшкөн.

Ош аймактык шайлоо комиссиясынын чечими 2024-жылдын 2-октябрындагы №25/2688, №25/2689, №25/2736, №25/2737, 25/2910 Ош шаарынын мэриясынын кайрылуусунун негизинде кабыл алынган.

«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесине «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 20-январындагы № 4 токтому менен бекитилген «Шайлоо округтарынын жана шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын башкаруунун тартиби жөнүндө» жобону  жетекчиликке алып,  

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

 

1. Ош шаарындагы №5273 шайлоо участкасынын дареги «Рахат» кафесинин имаратынан Ишматов көч., №2/33 дареги боюнча жайгашкан «Монтажник» ЖАКтын имаратына өзгөртүлсүн.   
2. Ош шаарындагы №5325 шайлоо участкасынын дареги үй-бүлөлүк медицина борборунун №10 филиалынын имаратынан Ташкент көч., 35/1 дареги боюнча жайгашкан «Мурас» инновациялык колледжинин имаратына өзгөртүлсүн.  
3. Ош шаарындагы №5563 шайлоо участкасынын дареги менчик үй имаратынан Ак-Тилек к/р, №5/18 дареги боюнча жайгашкан №85 «Таштилла эжеке» мектепке чейинки мекеме уюмунун имаратына өзгөртүлсүн.  
4. Ош шаарындагы №5564 шайлоо участкасынын дареги «Ак-Терек» кафесинин имаратынан Мамыров көч., №95а дареги боюнча жайгашкан үй-бүлөлүк медицина борборунун №3 филиалынын имаратына өзгөртүлсүн.  
5. Ош шаарындагы №5283 шайлоо участкасынын дареги В.Терешкова атындагы интернат-мектебинин имаратынан Урицкая көч., №2 дареги боюнча жайгашкан №20 мектебинин имаратына өзгөртүлсүн.  
6. Ош аймактык шайлоо комиссиясы Ош шаарынын мэриясы менен биргеликте шайлоо участкаларынын даректерин өзгөртүү боюнча шайлоочулар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн.
7. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

8. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары  Т.У. Шайназаровго жүктѳлсүн.

 

 

ТӨРАГА                                                                   Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш., 2024-жылдын 17-октябры

№163