21.11.2023 №106 Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын бош калган мандатын өткөрүп берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын бош калган мандатын өткөрүп берүү жөнүндө

 

«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 46-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык (талапкердин пассивдүү шайлоо укугу жок экени тууралуу), Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын (мындан ары - КР БШК) 2023-жылдын 6-июлундагы № 63 токтому менен чечти:

1) Ф.Д. Исмаиловдун катттоосу жокко чыгарылсын жана ал КР БШКнын 2021-жылдын 24-октябрындагы №859 чечими менен катталган «Ата-Журт Кыргызстан» саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин тизмесинен алып салынсын.

2) «Ата-Журт Кыргызстан» саясий партиясынан талапкер Ф.Д. Исмаиловду бирдиктүү шайлоо округу боюнча «Ата-Журт Кыргызстан» саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттына шайланды деп таануу бөлүгүндө КР БШКнын 2021-жылдын 15-декабрындагы № 836 токтомунун 7-пункту жокко чыгарылсын.

3) Ф.Д. Исмаиловду «Ата-Журт Кыргызстан» саясий партиясынан бирдиктүү шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты катары каттоо бөлүгүндө КР БШКнын 2021-жылдын 28-декабрындагы №844 токтому жокко чыгарылсын.

Бул токтом Ф.Д. Исмаилов тарабынан соттук тартипте даттанылган.

2023-жылдын 3-августунда КР БШКнын 2023-жылдын 6-июлундагы № 63 токтомун мыйзамсыз деп таануу жөнүндө Ф.Д.Исмаиловдун арызы Бишкек шаарынын административдик соту тарабынан канааттандыруусуз калтырылган.

2023-жылдын 20-сентябрында Бишкек шаардык сотунун аныктамасы менен Бишкек шаарынын административдик сотунун 2023-жылдын 3-августундагы чечими өзгөртүүсүз калтырылган.

2023-жылдын 30-октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун токтому менен Бишкек шаарынын административдик сотунун 2023-жылдын 3-августундагы чечими жана Бишкек шаардык сотунун 2023-жылдын 20-сентябрындагы аныктамасы күчүндө калтырылган.

Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодексинин 265-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык: «Кассациялык инстанциядагы соттун актылары жарыя кылынган учурдан тартып токтоосуз мыйзамдуу күчүнө кирет, акыркы болуп саналат, даттанууга жатпайт».

Жогоруда баяндалгандардын негизинде, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттык мандаты бош калгандыгына байланыштуу, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын
21-беренесинин 11-бөлүгүнө, 65-беренесинин 3, 4-1 бөлүктөрүнө, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Толонов Чынберди Толонович «Ата-Журт Кыргызстан» саясий партиясынын талапкерлеринин тизмесинен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин шайланган депутаты деп таанылсын.

2. Толонов Чынберди Толонович Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаты болуп катталсын.

3. Толонов Чынберди Толоновичке белгиленген үлгүдөгү күбөлүк жана төш белги берилсин.

4. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

5. Бул токтомдун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешине жиберилсин.

6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т.У. Шайназаровго жүктөлсүн.

 

ТӨРАГА                     Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш., 2023-жылдын 21-ноябры

№ 106