21.10.2024 №173 Ош облусунун Алай районундагы №5149 шайлоо участкасынын дарегин өзгөртүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына Алай аймактык шайлоо комиссиясынын 2024-жылдын 18-октябрындагы №9, Ош облусунун Алай районунун Гүлчө айыл аймагындагы №5149 шайлоо участкасынын дарегин өзгөртүү жөнүндө чечими келип түшкөн.

Алай аймактык шайлоо комиссиясынын чечими 2024-жылдын 18-октябрындагы №9/9 Гүлчө айыл өкмөтүнүн кайрылуусунун негизинде кабыл алынган.

«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесине «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 20-январындагы № 4 токтому менен бекитилген «Шайлоо округтарынын жана шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын башкаруунун тартиби жөнүндө» жобону  жетекчиликке алып,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. Ош облусунун Алай районунун Гүлчө айыл аймагындагы №5149 шайлоо участкасынын дареги Б.Аданбаева атындагы орто мектебинин имаратынан Жылы-Суу -1 көч., №23 дареги боюнча жайгашкан маданият үйүнүн имаратына өзгөртүлсүн.

2. Алай аймактык шайлоо комиссиясы Гүлчө айыл өкмөтү менен биргеликте шайлоо участкасынын дарегин өзгөртүү боюнча шайлоочулар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн.

3. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т.У. Шайназаровго жүктѳлсүн.

 

 

ТӨРАГА             Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш., 2024-жылдын 21-октябры

№ 173