10.03.2025 №15

Кыргыз Республикасынын Бишкек жана Талас шаардык аймактык шайлоо комиссияларынын резервдерин жана курамдарын түзүү жөнүндө

“Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерине, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын
19-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 6-декабрындагы № 176 токтому менен бекитилген “Шайлоо комиссияларын түзүү, таркатуу жана шайлоо комиссияларынын резервин түзүү, жүргүзүү тартиби жөнүндө” Жобосуна ылайык, Бишкек жана Талас шаардык аймактык шайлоо комиссияларынын резервине келип түшкөн документтерди кароо боюнча Жумушчу топтун 2025-жылдын 10-мартындагы чечимине ылайык,
Бишкек жана Талас шаардык аймактык шайлоо комиссияларынын резервдерине талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө саясий партиялардын протоколдоруна, жергиликтүү кеңештердин токтомдоруна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Бишкек жана Талас шаардык аймактык шайлоо комиссияларынын сандык курамы 12 адамдан түзүлсүн.
  2. Бишкек жана Талас шаардык аймактык шайлоо комиссияларынын курамына саясий партиялардан көрсөтүлгөн талапкерлер 1-тиркемеге ылайык киргизилсин.
  3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынан көрсөтүлгөн талапкерлер Бишкек жана Талас шаардык аймактык шайлоо комиссияларынын резервдери болуп 2-тиркемеге ылайык түзүлсүн.
  4. Бишкек жана Талас шаардык аймактык шайлоо комиссиялардын резервиндеги жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынан көрсөтүлгөн талапкерлер Бишкек жана Талас шаардык аймактык шайлоо комиссияларынын курамына 3-тиркемеге ылайык киргизилсин.
  5. Бишкек жана Талас шаардык аймактык шайлоо комиссияларынын курамы 4-тиркемеге ылайык бекитилсин.
  6. Бул токтом “Эркин Тоо” гезитине жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
  7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.С. Жупуевага жүктөлсүн.

 

Төрага                                                                        Т. Шайназаров     

Бишкек ш.,

2025-жылдын 10-марты

№ 15