Башкы БШКнын ЧУА Токтом 06.07.2023ж. №63 Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Исмаилов …

06.07.2023ж. №63 Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Исмаилов Фархат Даткабаевичтин жогорку билими жѳнүндѳ документтери тууралуу Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматы жѳнүндѳ

Об изготовлении в типографии ОАО «Учкун» Кодекса Кыргызской Республики о выборах в Кыргызской Республике от 9 августа 2010 года, №141 16.12.2024 №266 Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын бош калган мандатын өткөрүп берүү жөнүндө Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын шайланган башчыларынын тизмеси 16.12.2024 №264 Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Ч.Т. Толоновдун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө 16.12.2024 №265 Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө Кызыл-Кыя, Сүлүктү, Су 10.01.2025 №1 Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө Талас шаардык, Сузак, Ка 23.01.2025 №2 Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Ж.Ш. Токторбаевдин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө 30.08.2023-ж. №82 26.11.2024 №263 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө 23.01.2025 №3 КРнын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган мандаттарды мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө 23.01.2025 №4 Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын бош калган мандатын өткөрүп берүү жөнүндө 26.11.2024 №262 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Талас облусунун Бакай-Ата районундагы Бакай-Ата айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжасы жөнүндө Бакай-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө 25.11.2024 №261 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Сузак жана Кара-Дарыя айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө Сузак аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу 25.11.2024 №260 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Чүй облусунун Москва районундагы Ак-Суу, Нарзан, Төлөк, Төрт-Гүл, Миң-Булак айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө Москва аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө 25.11.2024 №259 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Балыкчы аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө 24.11.2024 №258 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Кетмен-Дөбө жана Э. Иманалиев айылдык кеңештеринин депуттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө  Токтогул  аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө 24.11.2024 №257 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Ош облусунун Алай районундагы Гүлчө айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө Алай аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө 24.11.2024 №256 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Чүй облусунун Кара-Балта шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Кара-Балта аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө 24.11.2024 №255 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Чүй облусунун Сокулук районундагы Манас айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө Сокулук аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө 24.11.2024 №254 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Талас облусунун Бакай-Ата районундагы Акназаров, Биримдик, Күмүштак айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө Бакай-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө 24.11.2024 №253 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Ош облусунун Алай районундагы Жаңы-Алай, Жибек-Жолу, Курманжан-Датка, Памир-Алай, Тилектеш жана Үч-Дөбө-Алай айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө Алай аймактык шайлоо комиссия 24.11.2024 №252 ​​​​​​​2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Ош облусунун Ноокат районундагы А.Мирмахмудов, Бел, Гулистан, Жаңы-Ноокат, Кара-Таш, Кеңеш, Көк-Бел, Көк-Жар, Кыргыз-Ата, Н.Исанов, Т.Зулпуев, Т.Кулатов жана Төөлөс айылдык кеңештеринин депутатта 24.11.2024 №251 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Ош облусунун Кара-Суу районундагы Ала-Тоо, Баш-Булак, Датка, Жоош, Мады, Манас, Отуз-Адыр, Папан, Савай жана Ынтымак айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө Кара-Суу аймактык шай 24.11.2024 №250 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Ош облусунун Кара-Суу районундагы Кара-Суу шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө 24.11.2024 №249 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Баткен облусунун Кадамжай районундагы А.Масалиев, Ак-Турпак, Бирлик, Исхак-Полотхан, Майдан, Молдо Нияз, Орозбеков, Үч-Коргон айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө Кадамжай ай 24.11.2024 №248 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Баткен облусунун Кадамжай районунун Айдаркен шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары тууралуу Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө 24.11.2024 №247 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Баткен облусунун Кадамжай районунун Кадамжай шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары тууралуу Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө 24.11.2024 №246 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Чүй облусунун Сокулук районундагы З. Кайназарова атындагы, Военно-Антоновка, Гавриловка, Жаңы-Пахта, Күнтуу, Төмөнкү-Чүй, Сары-Өзөн, Сокулук айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жөнүн 24.11.2024 №245 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Чүй облусунун Сокулук районунун Шопоков шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Сокулук аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө 24.11.2024 №244 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Сары-Камыш, Толук, А. Суеркулов, жана Үч-Терек айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө Токтогул аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу 24.11.2024 №243 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Барпы, Атабеков, Кызыл-Туу, Багыш, Көк-Арт, жана Кыз-Көл, айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө Сузак аймактык шайлоо комиссиясынын прото 24.11.2024 №242 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Жалал-Абад облусунун Ноокен районуну Шамалдуу-Сай шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Ноокен аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө 23.11.2024 №241 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Сузак аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө 23.11.2024 №240 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Ош облусунун Ноокат районундагы Ноокат шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө 23.11.2024 №239 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Баткен облусунун Лейлек районундагы Ак-Суу, Жаңы-Жер, Кең-Талаа, Кулунду, Лейлек, Сумбула, Тогуз-Булак айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө Лейлек аймактык шайлоо комиссиясыны 23.11.2024 №238 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Баткен облусунун Лейлек районунун Раззаков шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары тууралуу Лейлек аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө 23.11.2024 №237 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Жалал-Абад облусунун Ноокен  районундагы Д.Садырбаев, Э.Алиев, Момбеков  жана Бүргөндү-Достук  айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө Ноокен аймактык шайлоо комиссиясынын проток 23.11.2024 №236 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Акман, Кеңеш, Арстанбап-Ата, жана Сайдыкум айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө Базар-Коргон аймактык шайлоо комиссиясынын проток 23.11.2024 №235 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Жалал-Абад облусунун Ноокен районуну Кочкор-Ата шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Ноокен аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө 23.11.2024 №234 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районуну Базар-Коргон шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Базар-Коргон аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө 23.11.2024 №233 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Майлуу-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө 23.11.2024 №232 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Ак-Кудук, Жайылма, Жээк, Кең-Булун, Кочкорбаев, Нурманбет, Сын-Таш, Узун-Кыр, Ысык-Ата айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө Ысык-Ата аймакты 23.11.2024 №231 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Чүй облусунун Чүй районундагы Биримдик, Бурана, Онбир-Жылга, С.Ибраимов,  Чүй айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө Чүй аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө 23.11.2024 №230 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Чүй облусунун Аламүдүн районундагы А. Сыдыков, Арашан, Байтик-Баатыр, Достук, Кара-Жыгач, С. Чокморов, Таш-Мойнок айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө Аламүдүн аймактык шайлоо 23.11.2024 №229 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Чүй облусунун Жайыл районундагы Ак-Башат, Жайыл, Сары-Коо, Суусамыр, Талды-Булак, Ынтымак айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө Жайыл аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жө 23.11.2024 №228 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Чүй облусунун Токмок шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Токмок аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө 23.11.2024 №227 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Баткен облусунун Баткен районундагы Ак-Сай, Ак-Татыр, Алтын-Бешик, Кара-Бак, Самаркандек, Суу-Башы, Төрт-Гүл айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө Баткен аймактык шайлоо комисс 23.11.2024 №226 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Баткен облусунун Сүлүктү шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары тууралуу Сүлүктү аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө 23.11.2024 №225 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары тууралуу Кызыл-Кыя аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө 23.11.2024 №224 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Баткен облусунун Баткен шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары тууралуу Баткен шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты
Исмаилов Фархат Даткабаевичтин жогорку билими жѳнүндѳ документтери тууралуу Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматы жѳнүндѳ

 

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын (мындан ары – КР БШК) 2021-жылдын 24-октябрындагы № 859 чечими менен берилген документтердин негизинде, анын ичинде нотариуста күбѳлѳндүрүлгѳн жогорку кесиптик билими жѳнүндѳ дипломдордун кѳчүрмѳлөрүнүн негизинде Исмаилов Фархат Даткабаевич «Ата-Журт Кыргызстан» саясий партиясынын тизмеси боюнча, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатыгына талапкер катары катталган.

КР БШКнын 2021-жылдын 15-декабрындагы № 836 токтому менен Исмаилов Фархат Даткабаевич бирдиктүү шайлоо округу боюнча «Ата-Журт Кыргызстан» саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин шайланган депутаты болуп таанылган.

КР БШКнын 2021-жылдын 28-декабрындагы № 844 токтому менен Исмаилов Фархат Даткабаевич бирдиктүү шайлоо округу боюнча «Ата-Журт Кыргызстан» саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп катталган.

2023-жылдын 5-июлунда КР БШКга Ф.Д. Исмаиловдун жогорку билими жѳнүндѳ дипломдорун жокко чыгаруу тууралуу Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин (мындан ары – КР ББжИМ) маалыматы келип түшкѳн.

2023-жылдын 6-июлундагы КР БШКнын отурумуна бул маселени кароо боюнча КР ББжИМ биринчи орун басары Усеков Уланбек Абдулаизизовичтин маалыматы угулду.

Депутат Ф.Д. Исмаилов отурумга чакырылган, бирок катышууга мүмкүнчүлүгү жок экендигин билдирген.

Борбордук шайлоо комиссиясы берилген материалдарды изилдеп чыгып, У.А. Усековдун маалыматын угуп, тѳмѳнкүлөргө келет.

КР ББжИМдин 2023-жылдын 4-июлундагы (№66-КПҮ) катына ылайык, Ф.Д.Исмаиловго жогорку билими тууралуу дипломду берүүнүн мыйзамдуулугуна комиссиялык текшерүү жүргүзүүнүн зарылдыгы жѳнүндѳ КР УКМК нын 2023-жылдын 3-июлундагы катынын негизинде,

КР ББжИМдин 2023-жылдын 4-июлундагы № 4568/1 буйругу менен Ф.Д. Исмаиловго берилген билими тууралуу документтердин аныктыгын текшерүү боюнча комиссия түзүлүп, ал тѳмѳнкүлѳрдү аныктады:

«- Ж.Баласагын атындагы КУУ нун архивдик өздүк курамдын негизинде «Бухгалтердик эсеп жана аудит» адистигинде 2000-жылдын 11-октябрында №72,73,74 кабыл алуу буйруктарында студенттер катарында Исмаилов Ф.Д. жок болуп чыккан;

- мамлекеттик аттестациялык комиссиянын чечимдеринин негизиндеги 25.01.2006-ж. №22/5-2, 02.03.2006-ж. №43/5-2, 14.02.2006-ж. №42/5-2; 29.12.2006-ж. №195/5-2 буйруктарында Ф.Д. Исмаилов жок;

- Ж.Баласагын атындагы КУУ нун Мамлекеттик аттестациялык комиссиясынын 2006-жылдын 24-июнундагы чечими менен Ф.Д. Исмаиловго берилген «Бухгалтердик эсеп жана аудит» адистиги боюнча №CD 060011020, каттоо №72 дипломун жараксыз деп табуу сунушталган;

- Ф.Д. Исмаиловго берилген «Бухгалтердик эсеп жана аудит» адистиги боюнча №CD 060011020, каттоо №72 дипломун жараксыз деп табуу сунушталгандыгына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Өкмѳтүнө караштуу Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын Мамлекеттик аттестациялык комиссиясынын 2015-жылдын 15-июнундагы чечими менен берилген «Юриспруденция» багыты боюнча магистр даражасын ыйгаруу жѳнүндѳ 2015-жылдын 30-июлундагы №УМ150342343 каттоо №1465 диплому жокко чыгарылсын деп сунушталган».

КР ББжИМдин 2023-жылдын 5-июлундагы каты менен БШКга, Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин 2023-жылдын 5-июлундагы № 2012/4К буйругунун кѳчүрмѳсүн жѳнѳткѳн, анда «2006-жылдын 24-июлундагы чечими менен «Бухгалтердик эсеп жана аудит» адистиги боюнча №CD 060011020, каттоо №72 диплому Ж. Баласагын атындагы КУУ тарабынан Ф.Д. Исмаиловго берилгендиги тастыкталбагандыгына байланыштуу: 1.Кыргыз Республикасынын Өкмѳтүнө караштуу Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын Мамлекеттик аттестациялык комиссиясынын 2015-жылдын 15-июнундагы чечиминин негизинде Ф.Д. Исмаиловго магистр даражасы ыйгарылган чечими жокко чыгарылган; 2. №УМ150342343 каттоо №1465 диплому кайта чакыртылып алынган жана жокко чыгарылган».

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары Ф.Д. Исмаиловду каттоо үчүн документтер менен кошо, Борбордук шайлоо комиссиясына берилген талапкер жѳнүндѳ толтурулган маалыматта (№14-1 формасы) билими тууралуу бөлүгүндө төмөнкү маалыматтар көрсөтүлүп, нотариуста күбѳлѳндүрүлгѳн кѳчүрмѳлѳрү берилген:

1. Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде «Бухгалтердик эсеп жана аудит» адистиги боюнча жогорку билим алгандыгы жѳнүндѳ №CD 060011020, 24.07.2006-ж. каттоо №72 диплому,

2 Кыргыз Республикасынын Өкмѳтүнө караштуу Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын 2015-жылдын 15-июнундагы «Юриспруденция» багыты боюнча магистр даражасын ыйгаруу жѳнүндѳ 2015-жылдын 30-июлундагы №УМ150342343 каттоо №1465 диплому.

«Билим берүү жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесинин тѳртүнчү, алтынчы абзацтарына ылайык «Кесиптик жогорку билими бар адамдар тездетилген программа боюнча экинчи жана үчүнчү кесиптик жогорку билим алышы мүмкүн.

Кесиптик жогорку билим алууга орто жалпы билими жөнүндө аттестаттын, кесиптик орто билими тууралу дипломдун же кесиптик жогорку билими жөнүндө дипломдун (экинчи, үчүнчү, ошондой эле жогорку билим алганда) болушу мүмкүнчүлүк берет».

Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган – КР ББжИМ дин жогоруда кѳрсѳтүлгѳн маалыматына ылайык, 2006-жылдын 24-июнундагы Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Мамлекеттик аттестациялык комиссиясынын чечиминин негизинде «Бухгалтердик эсеп жана аудит» адистиги боюнча №CD 060011020, каттоо №72 дипломунун
Ф.Д. Исмаиловго берилгендиги тастыкталган жок
, ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмѳтүнө караштуу Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынынын 2015-жылдын 30-июлундагы «Юриспруденция» багыты боюнча магистр даражасын ыйгаруу жѳнүндѳ Мамлекеттик аттестациялык комиссиянын 2015-жылдын 15-июнундагы чечими менен берилген №УМ150342343 каттоо №1465 диплому, жогоруда аталган дипломдун (КУУ) бар экендигин эске алуу менен, кайта чакыртылып алынган жана жокко чыгарылган.

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 76-беренесинин 2-бѳлүгүнүн экинчи жана үчүнчү абзацтарына ылайык «Шайлоо күнүнө карата 25 жашка толгон жана шайлануу укугуна ээ болгон Кыргыз Республикасынын жараны Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайлана алат.

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоонун тартиби конституциялык Мыйзам менен аныкталат».

«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3-беренесинин 5-бѳлүгүнѳ ылайык «Жарандар ушул конституциялык Мыйзамда белгиленген талаптарды сактоодо шайлоого жана шайланууга өз укуктарын ишке ашырышат».

«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 59-беренесинин 2-бѳлүгүѳ ылайык « Шайлоо күнүнө карата 25 жашка толгон, шайлоого укугу бар, жогорку кесиптик билими бар Кыргыз Республикасынын жараны Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайлана алат».

 

Конституциялык Мыйзамдын 61-беренесинин 1-бѳлүгүнүн 2 жана 3-пункттарына ылайык, талапкерлердин тизмесин каттоо үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына талапкерлердин тизмесине киргизилген ар бир талапкер тарабынан толтурулган, өмүр баянын жана башка маалыматтарды көрсөтүү менен талапкер жөнүндө маалыматтардын атайын формаларын, паспортунун көчүрмөсүн, жогорку кесиптик билим жөнүндө документтин нотариалдык түрдө күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн, иштеген же окуган жеринен маалымдаманы, башка мамлекеттин жарандыгы жок экендиги жөнүндө, соттолгондук жөнүндө маалыматтарды, чет мамлекеттин жарандыгы (ошондой эле мурдагы жарандыктары, башка жарандыктары) бар же жок экендиги жагынан жекече маалыматтарын иштетүүгө жазуу жүзүндө макулдугун берет.

Конституциялык Мыйзамдын 46-беренесинин 1-бѳлүгүнѳ ылайык «Шайланган талапкердин каттоосу, талапкер өзүнүн пассивдүү шайлоо укугу жок экени тууралуу маалыматтарды жашырып койгонунун, анын ичинде талапкердин мыйзамда белгиленген тартипте алып салынбаган же жоюлбаган соттолгондугу же ушул конституциялык Мыйзамдын 3-беренесинин 4-бөлүгүндө каралган жагдайлардын бар экени жөнүндө, ага карата соттун айыптоо өкүмү күчүнө киргени жөнүндө, Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыкканы же жоготкону жөнүндө, башка мамлекеттин жарандыгына таандыгы жөнүндө, колдонуудагы мыйзамдарда белгиленген негиздерде анын башка пассивдүү шайлоо укугу жок экени тууралуу маалыматтар талапкер тарабынан жашырган фактылары далилденген учурларда, ошондой эле талапкер каза болгон учурда, Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан жокко чыгарылат».

Конституциялык Мыйзамдын 46-беренесинин 2-бѳлүгүнүн 4-пунктуна ылайык конституциялык Мыйзамдын 21, 53 жана 61-беренелеринде белгиленген талаптар бузулган учурда талапкердин каттоосу жокко чыгарылат.

Мамлекеттик ыйгарым укуктуу орган КР ББжИМ маалыматынын негизинде, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 46-беренесинин 1-бѳлүгүнѳ, 59, 61-беренелерине ылайык, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ф.Д. Исмаиловдун катттоосу жокко чыгарылсын жана ал КР БШКнын 2021-жылдын 24-октябрындагы №859 чечими менен катталган «Ата-Журт Кыргызстан» саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин тизмесинен алып салынсын.

2. «Ата-Журт Кыргызстан» саясий партиясынан талапкер Ф.Д. Исмаиловду бирдиктүү шайлоо округу боюнча «Ата-Журт Кыргызстан» саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттына шайланды деп таануу бѳлүгүндѳ КР БШКнын 2021-жылдын 15-декабрындагы № 836 токтомунун 7-пункту жокко чыгарылсын.

3. Ф.Д. Исмаиловду «Ата-Журт Кыргызстан» саясий партиясынан бирдиктүү шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты катары каттоо бѳлүгүндѳ КР БШКнын 2021-жылдын 28-декбарындагы №844 токтому жокко чыгарылсын.

4. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Исмаилов Фархат Даткабаевичтин күбѳлүгү анык эмес деп таанылсын.

5. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

6. Бул токтомдун кѳчүрмѳсү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жѳнѳтүлсүн.

7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын тѳрагасынын орун басары Т. Шайназаровго жүктѳлсүн.

ТӨРАГА                                                                                                                 Н.ШАЙЛДАБЕКОВА

Бишкек ш., 2023-жылдын 6-июлу

№ 63