29.06.2021 № 576 2021-жылдын 24-июнунда өткөрүлгөн Ысык-Көлоблусунун Ак-СуурайонунунБоз-Учукайыл өкмөтүнүнбашчысын кайра шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
2021-жылдын24-июнунда өткөрүлгөн Ысык-Көлоблусунун Ак-СуурайонунунБоз-Учукайыл өкмөтүнүнбашчысын кайра шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
2021-жылдын24-июнунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын10-июнундагы № 391токтому менен дайындалган Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Боз-Учукайыл өкмөтүнүнбашчысынкайра шайлоо болуп өттү.
Боз-Учукайыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 2 талапкер – Оторбаев Талантбек Карымшакович, Тилекманов Айбек Таалайбекович катталган. ТалапкерлерБоз-Учукайылдык кеңештин депутаттарынан сунушталган.
Ак-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 24-июнундагы протоколу менен Боз-Учукайылдык кеңешиндеги баардык 21 депутаты катышып, Т.К. Оторбаев - 7 добуш, А. Т. Тилекманов – 14 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 0 добуш берилгендиги белгиленген.
Ак-Сууаймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 24-июнундагы протоколу менен Тилекманов Айбек Таалайбекович Боз-Учукайыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.
Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Боз-Учукайыл өкмөтүнүнбашчысынкайра шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгына жана шайлоонун натыйжасына арыз, даттануулар түшкөн жок.
2021-жылдын 24-июнундагы Ак-Сууаймактык шайлоо комиссиясынын Боз-Учук айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерине,«Жергиликтүү өз алдынча башкаруужөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын49-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы №3 токтому менен бекитилген «Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө» Жобосуна ылайык,
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2021-жылдын24-июнунда өткөрүлгөн Ысык-Көл облусунун Ак-СуурайонунунБоз-Учукайыл өкмөтүнүнбашчысын кайра шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу Ак-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 24-июнундагы протоколдорубекитилсин.
1.1. Ысык-Көл облусунун Ак-СуурайонунунБоз-Учукайыл өкмөтүнүнбашчысын кайра шайлоо өттү деп табылсын.
1.2. Тилекманов Айбек Таалайбекович Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Боз-Учукайыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.
2. Ак-Суу аймактык шайлоо комиссиясы шайланганБоз-Учукайыл өкмөтүнүнбашчысына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү тапшырсын.
3. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А. Г. Бекматовго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2021-жылдын 29-июну
№ 576