№81

Ош облусунун Ноокат районунун Кара-Таш айыл аймагындагы № 5397 шайлоо участогунун дарегин өзгөртүү жөнүндө

 

“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 131-беренесин, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесин, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 28-июлундагы № 41 токтому менен бекитилген Шайлоо округдарынын жана шайлоо участокторунун схемаларын жана чек араларын башкаруу тартиби жөнүндө жобонун 5-бөлүмүн жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы токтом кылат:

1. Ош облусунун Ноокат районунун Кара-Таш айыл аймагынын Нойгут айылындагы № 5397 шайлоо участогунун жайгашкан жери Нойгут айылы, Акбар Каары көчөсү, 40, “Белек” балдар бакчасынын имараты дарегинен Нойгут айылы, Жаңы конуш, 31, “Нойгут” орто мектебинин имараты дарегине өзгөртүлсүн.

2. Ноокат аймактык шайлоо комиссиясы Кара-Таш айыл аймагынын айыл өкмөтү менен биргеликте шайлоочулар арасында №5397 шайлоо участогунун дареги өзгөртүлгөндүгү тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн.

3. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын “Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитине жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4..Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Р. Ш. Жакышовго жүктөлсүн.

 

Төрага                                                                                                                               Т. Шайназаров

 

Бишкек ш., 2026-жылдын 14-августу

№81