17.10.2024 №168 Чүй облусунун Кант шаарындагы №7117 шайлоо участкасынын дарегин өзгөртүү жөнүндө

Чүй облусунун Кант шаарындагы №7117 шайлоо участкасынын дарегин өзгөртүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына Кант аймактык шайлоо комиссиясынын  2024-жылдын 1-октябрындагы №3 Чүй облусунун Кант шаарындагы №7117, шайлоо участкасынын дарегин өзгөртүү жөнүндө чечими келип түшкөн.

Кант аймактык шайлоо комиссиясынын чечими 2024-жылдын 30-сентябряндагы №4-12/5 Кант шаарынын мэриянын кайрылуусунун негизинде кабыл алынган.

«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесине «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 20-январындагы № 4 токтому менен бекитилген «Шайлоо округтарынын жана шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын башкаруунун тартиби жөнүндө» жобону жетекчиликке алып.

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Чүй облусунун Кант шаарындагы7117 шайлоо участкасынын дареги «Ак-Кайын» бала бакча имаратынан Горького, №1 «а» көчөсүндөгү №25 лицей имаратына өзгөртүлсүн.

2. Кант аймактык шайлоо комиссиясы Кант шаарынын мэриясы менен биргеликте шайлоо участкасынын дарегин өзгөртүү боюнча шайлоочулар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн.

3. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары  Т.У. Шайназаровго жүктѳлсүн.

 

 

ТӨРАГА                                                                     Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

 

Бишкек ш., 2024-жылдын 17-октябры

№168