09.08.2023 №74 2023-жылдын 8 - октябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Саруу айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоого катышуучу талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсебин ачуу үчүн банк мекемелерин аныктоо

2023-жылдын 8 - октябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Саруу айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоого катышуучу талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсебин ачуу үчүн банк мекемелерин аныктоо жөнүндө

 

“Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Саруу айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 8-августундагы ПЖ № 183 Жарлыгынын негизинде, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4,8,14 беренелерин, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14-беренесин, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 25-беренесин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. 2023-жылдын 8 - октябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Саруу айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоого катышуучу талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсебин ачуу үчүн “РСК Банк” ААКсы жана “Айыл Банк” ААКсы банк мекемелери болуп белгиленсин.

2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына караштуу Көзөмөлдөө-текшерүү тобу ушул токтомдон келип чыгуучу чараларды “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Мыйзамына ылайык көрсүн.

3. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т.У. Шайназаровко жүктөлсүн.

 

 

ТӨРАГА                                                                                           Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

 

Бишкек шаары, 2023- жылдын 9-августу

№74