21.10.2024 №172 2024-жылдын 17-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо аралыктан добуш берүүнүн жыйынтыгы тууралуу протоколунун, добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндө аймактык шайлоо комиссиясынын протоколунун

2024-жылдын 17-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо аралыктан добуш берүүнүн жыйынтыгы тууралуу протоколунун, добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндө аймактык шайлоо комиссиясынын протоколунун жана добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндө жыйынды таблицасынын формасын бекитүү тууралуу

 

«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37-беренесине, «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештерин таркатуу жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону дайыңдоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 6-сентябрындагы ПЖ №256 Жарлыгына ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2024-жылдын 23-сентябрындагы № 136 токтому менен бекитилген «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо аралыктан добуш берүүнү уюштуруунун жана өткөрүүнүн, аралыктан добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилүүнүн тартиби жөнөндө» жобосуна ылайык, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. 2024-жылдын 17-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо аралыктан добуш берүүнүн жыйынтыгы тууралуу электрондук протоколу, аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндө протоколу жана добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндө жыйынды таблицасынын формалары №1, 2, 3-тиркемелерине ылайык бекитилсин.

2. Тийиштүү аймактык шайлоо комиссиялары Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгын чыгарууда ушул токтом менен бекитилген протоколдордун жана жыйынды таблицанын формаларын жетекчиликке алсын.

3. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын (тиркемесиз).

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т.У. Шайназаровго жүктөлсүн.

 

 

ТӨРАГА                     Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш., 2024-жылдын 21-октябры

172