08.06.2022 №60 Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу  жана бош калган депутаттык мандаттарды талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү айрым аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдери

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу  жана бош калган депутаттык мандаттарды талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү айрым аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу

 

«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесине, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине жана «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине ылайык Сокулук, Аламүдүн, Панфилов, Базар-Коргон, Ноокат, Жумгал жана Түп аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды талапкерлерге жана саясий партиядан катталган тизмесиндеги талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерди кабыл алышкан.

«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерине, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө»  Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине жана «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине ылайык,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.  Сокулук, Аламүдүн, Панфилов, Базар-Коргон, Ноокат жана Жумгал аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча чечимдери бекитилсин.

2.   Сокулук, Аламүдүн, Панфилов, Базар-Коргон, Ноокат, Жумгал жана Түп аймактык шайлоо комиссияларынын 2-тиркемеде көрсөтүлгөн бош калган депутаттык мандаттарды талапкерлерге жана саясий партиядан катталган тизмесиндеги талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери бекитилсин.

3. Жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын күбөлүктөрү, ушул токтом жарыяланган күндөн тартып, анык эмес деп таанылсын.

4. Сокулук, Аламүдүн, Панфилов, Базар-Коргон, Ноокат, Жумгал жана Түп аймактык шайлоо комиссиялары 2-тиркемеде көрсөтүлгөн жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын каттасын жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү жана төш белгилерди тапшырсын.  

5. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

6. Бул токтомдун көчүрмөсү тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жана жергиликтүү кеңештерге жөнөтүлсүн.

7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т.У. Шайназаровго жүктөлсүн.

  

 

ТӨРАГА                                                                  Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

 

Бишкек ш., 2022-жылдын ­­8-июну
№ 60