№841 2022-жылдын 27-февралына дайындалган № 27 Биринчи май жана № 29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын кайра шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө чыгымдардын сметасы

жүктөө>>>

2022-жылдын 27-февралына дайындалган № 27 Биринчи май жана

№ 29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын кайра шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө чыгымдардын сметасын бекитүү жөнүндө

 

«№ 27 Биринчи май жана № 29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын кайра шайлоону дайындоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 27-декабрындагы №839 токтомуна ылайык, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 38, 63, 40-беренелерин, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнундө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4,8,14 беренелерин, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 25-беренесин жетекчиликке алып,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. № 27 Биринчи май жана № 29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын кайра шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө чыгымдардын сметасы 18 486 700 (он сегиз миллион төрт жүз сексен алты миң жети жүз) сом суммасында 1-тиркемеге ылайык бекитилсин, анын ичинде:

1) Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын чыгымдарынын сметасын, анын ичинде 2022-жылдын 27-февралына дайындалган № 27 Биринчи май жана № 29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын кайра шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө зарыл болгон борборлоштурулган сатып алууларды шайлоо комиссияларынын жүзөгө ашыруусу үчүн каражаттар (2-тиркеме);

2) 2022-жылдын 27-февралына дайындалган № 27 Биринчи май жана № 29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын кайра шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө төмөн турган шайлоо комиссияларынын чыгымдарынын сметасы (3-тиркеме).

2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын пландоо, эсеп, отчеттуулук бөлүмү Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен өз ара аракеттешип, № 27 Биринчи май жана № 29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын кайра шайлоону даярдоону жана өткөрүүнү каржылоону уюштурсун, республикалык бюджеттин бөлүнгөн каражаттарын тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына бекитилген сметага ылайык бөлүштүрүүнү камсыздасын.

3. № 27 Биринчи май жана № 29 Свердлов округдук шайлоо комиссиялары № 27 Биринчи май жана № 29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын кайра шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө бөлүнгөн республикалык бюджеттин каражаттарын тиешелүү участкалык шайлоо комиссияларына бөлүштүрүүнү камсыздасын, бекитилген сметага ылайык аларды финансылык жактан камсыздоону уюштурсун жана ал каражаттардын максаттуу пайдаланылышына контролдук жүргүзүүнү камсыздасын.

4. Шайлоо комиссиялары № 27 Биринчи май жана № 29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын кайра шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө акча каражаттарын бекитилген сметага ылайык бөлүнгөн каражаттардын чегинде чыгымдайт.

5. Округдук жана участкалык шайлоо комиссияларынын төрагалары акча каражаттарын тескешет, финансы документтеринин шайлоо комиссияларынын финансы маселелери боюнча чечимдерине ылайыктуулугу жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына финансылык отчетторду мыйзамда белгиленген мөөнөттө жана тартипте берүү үчүн жоопкерчилик тартышат.

6. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын алдындагы көзөмөлдөө-текшерүү тобу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын кайра шайлоону даярдоо жана өткөрүү үчүн шайлоо комиссияларына бөлүнгөн республикалык бюджеттин каражаттарынын максаттуу пайдаланылышына контролдоо жүргүзсүн.

7. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине жөнөтүлсүн.

8. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

9. Бул токтомдун аткарылышына контролдук жүргүзүү Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т.У. Шайназаровго жүктөлсүн.

 

ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек шаары, 2021-жылдын 27 декабры

№ 841