18.04.2022 №48 2022-жылдын 10-апрелинде болуп өткөн Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Кажы-Сай айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Тоң аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө

2022-жылдын 10-апрелинде болуп өткөн Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Кажы-Сай айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Тоң аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө

 

2022-жылдын 10-апрелинде Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 8-февралындагы № 31 Жарлыгы  менен дайындалган Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Кажы-Сай айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо болуп өттү.

«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10, 11-беренелерине ылайык Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Кажы-Сай айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө 1 шайлоо округу түзүлүп, 3 шайлоо участкасы уюштурулган. Шайлоочулардын тизмесине 3015 шайлоочу киргизилген.

Кажы-Сай айылдык кеңешинде депутаттык мандаттын саны 11, анын ичинен 4 мандат аялдар үчүн резервделинген. 26 талапкер катталган, анын ичинде 11 аял.

Тоң аймактык шайлоо комиссиясы 3 участкалык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдорунун негизинде Ысык-Көл облусунун Тоң районунун  Кажы-Сай айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилеп, шайлоонун натыйжасын аныктаган.

Добуш берүүгө жалпысынан 951 шайлоочу катышып 31,54%ды түздү. 11 депутат шайланды, анын ичинен 4 депутат аял.

Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Кажы-Сай айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде арыз жана даттануулар түшкөн жок.

 «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 27-пункттарына, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 38, 40, 51, 59-1, 62-беренелерине ылайык,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Тоң аймактык шайлоо комиссиясынын 2022-жылдын 13-апрелиндеги Кажы-Сай айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары жөнүндө протоколу бекитилсин (тиркелет).

2. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3. Бул токтомдун көчүрмөсү Тоң аймактык шайлоо комиссиясына жана Кажы-Сай айылдык кеңешине жиберилсин.

4. Тоң аймактык шайлоо комиссиясы шайлоонун натыйжалары жарыялангандан кийин 3 күндүк мөөнөттө Кажы-Сай айылдык кеңешинин шайланган депутаттарын каттасын жана аларга ырастамаларды, белгиленген үлгүдөгү төш белгилерди тапшырсын.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т. Шайназаровго жүктөлсүн. 

 

 

ТӨРАГА                                                                    Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

Бишкек ш., 2022-жылдын 18-апрели

№ 48