26.09.2025 №81

Кыргыз Республикасынын кээ бир аймактык шайлоо комиссияларынын резервдерин толуктоо жөнүндө

 

“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесин, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 6-декабрындагы № 176 токтому менен бекитилген Шайлоо комиссияларын түзүү, таркатуу жана шайлоо комиссияларынын резервин түзүү, жүргүзүү тартиби жөнүндө жобого, аймактык шайлоо комиссияларынын резервине келип түшкөн документтерди кароо боюнча жумушчу топтун 2025-жылдын 24-сентябрындагы №.2 чечимин жетекчиликке алып, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

токтом кылат:

 

1. Ош, Араван, Сузак, Ноокен, Базар-Коргон жана Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссияларынын резервдерине саясий партиядан көрсөтүлгөн талапкерлер 1-тиркемеге ылайык киргизилсин.

2. Ош, Кадамжай, Алай, Кара-Суу, Өзгөн, Ноокат, Аксы, Ала-Бука, Сузак, Жалал-Абад, Ноокен, Чаткал, Тогуз-Торо, Жети-Өгүз, Тоң, Түп, Жумгал, Нарын, Бакай-Ата, Талас шаардык, Талас, Жайыл, Ысык-Ата, Кемин, Токмок жана Кант аймактык шайлоо комиссияларынын резервдерине жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын талапкерлери 2-тиркемеге ылайык киргизилсин.

3. Бул токтом Эркин-Тоо гезитине жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.С. Жупуевага жүктөлсүн.

5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.


 

Төрага                                                                                                                                      Т. Шайназаров.

 

 

Бишкек ш., 2025-жылдын 26-сентябры

№ 81