23.11.2024 №228 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Чүй облусунун Токмок шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Токмок аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө

2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Чүй облусунун Токмок шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Токмок аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө

 

2024-жылдын 17-ноябрында Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 6-сентябрындагы №256 Жарлыгы менен дайындалган Чүй облусунун Токмок шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо болуп өттү.

Токмок шаардык кеңеши боюнча шайлоону өткөрүү үчүн бирдиктүү 1 шайлоо округ жана 20 шайлоо участок түзүлгөн.

Шайлоочулардын тизмесине 45 241  шайлоочу киргизилген.

Токмок шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоого 5 саясий партия катталган: Адилет», «Жаңы Кыргызстан», «Эл Биримдиги», «Ынтымак», «Ыйман Нуру».

Добуш берүүгө жалпысынан 14 644 шайлоочу катышты, бул жалпы шайлоочулардын 32,37%  түзөт, анын ичинде аралыктан добуш берүүгө 20 шайлоочу катышты.

Токмок шаардык кеңешинде мандаттардын саны 41.

Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча 4 саясий партиялар шайлоочулардын жалпы санынын 5 жана андан көп пайызынын добушуна ээ болду: «Адилет» - 5805добуш (40,41%) - 17 мандат; «Жаңы Кыргызстан» - 3887 добуш (27,06%) - 12 мандат; «Эл Биримдиги» - 2148 добуш (14,95%) - 6 мандат; «Ынтымак» - 1849 добуш (12,87%) - 6 мандат.

«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 38, 56-1-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2024-жылдын 23-сентябындагы №136 токтому менен бекитилген «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо аралыктан добуш берүүнү уюштуруунун жана өткөрүүнүн, аралыктан добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөөнүн тартиби жөнүндө» Жобого ылайык:

- 20 участкалык шайлоо комиссияларындагы добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу жана аралыктан добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө аралыктан добуш берүүнүн шайлоо участкаларынын 2024-жылдын 21-ноябрындагы протоколдордун негизинде Токмок аймактык шайлоо комиссиясы шайлоолорду болуп өттү деп тааныды жана Токмок шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжаларын белгиледи.

Чүй облусунун Токмок шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө Токмок аймактык шайлоо комиссиясына 4 арыз түшкөн. Келип түшкөн арыздар каралып, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чечим кабыл алынган.

Бүгүнкү күнгө каралбай калган арыздар жана даттануулар жок.

«Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 27-пункттарына, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 38, 40, 51, 56-1-беренелерине ылайык,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Чүй облусунун Токмок шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Токмок аймактык шайлоо комиссиясынын 2024-жылдын 21-ноябрындагы протоколу бекитилсин (тиркелет).

2. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3. Бул токтомдун көчүрмөсү Токмок аймактык шайлоо комиссиясына жана Токмок шаардык кеңешине жиберилсин.

4. Токмок аймактык шайлоо комиссиясы шайлоонун натыйжалары жарыялангандан кийин 3 күндүк мөөнөттө шайланган Токмок шаардык кеңешинин депутаттарын каттасын жана аларга ырастамаларды, белгиленген үлгүдөгү төш белгилерди тапшырсын.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т. Шайназаровго жүктөлсүн.

 

 

ТӨРАГА                                                                    Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш., 2024-жылдын 23-ноябры

№228