10.12.2021 №809 Бир мандаттуу № 23 Москва шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын шайлоо натыйжалары тууралуу

 

“Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 29-августундагы № 370 Жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо  2021-жылдын 28-ноябрына дайындалды.

“Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттарын шайлоону өткөрүү боюнча шайлоо округдарынын схемасы жана чек аралары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 5-сентябрындагы № 684 токтому менен бир мандаттуу № 23 Москва шайлоо округунун схемасы жана чек арасы бекитилди.

Бир мандаттуу Москва шайлоо округунда добуш берүүнү өткөрүү үчүн 63 шайлоо участогу түзүлгөн.  

Бир мандаттуу № 23 Москва шайлоо округу боюнча шайлоочулардын тизмесине 87 993 шайлоочу киргизилген, алардын ичинен 27 458 шайлоочу добуш берүүгө катышты, бул 31.2%ды түздү.

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына төмөнкү 12 талапкерди каттады:

 

1. Енгалычев Евгений Равильевич;

2. Зикиров Жусупбек Камчыбекович;

3. Мырзаканов Раад Бакашевич;

4.  Иманкулов Талай Маданбекович;

5.  Мадылбеков Туратбек;

6. Жекшенов Мирлан Ратынбекович;

7.  Булекбаев Эркин Касымович;

8. Ханджеза Карим Лемзарович;

9. Жабаев Ринат Шаршенбекович;

10. Нажиев Мирбек Дүйшөнбекович;

11. Ибраимова Атыркул Сейдалиевна;

12. Мамутов Ахматжан Рахимович.

Анын ичинен 10 талапкер добуш берүүгө катышты.

Бир мандаттуу № 23 Москва шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы тууралуу Москва округдук шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 5-декабрындагы протоколунун маалыматтарына ылайык:

-Енгалычев Евгений Равильевич 581 (2.11 %) добуш алды;   

-Зикиров Жусупбек Камчыбекович 4279 (15.58%) добуш алды;   

-Мырзаканов Раад Бакашевич 2158 (7.86%) добуш алды;   

 -Иманкулов Талай Маданбекович 2386 (8.69%) добуш алды;  

 -Мадылбеков Туратбек 2104  (7.66%) добуш алды;   

 -Жекшенов Мирлан Ратынбекович 3480 (12.67%) добуш алды;   

 -Булекбаев Эркин Касымович получил 925 (3.36%) добуш алды;   

 -Ханджеза Карим Лемзарович 5436 (19.79%) добуш алды;   

 -Жабаев Ринат Шаршенбекович 1548 (5.63%) добуш алды;   

 -Нажиев Мирбек Дүйшөнбекович 765 (2.78%) добуш алды;  

-“Баарына каршы” позициясы үчүн  2493 (9.07%) добуш берилди.

 

Бир мандаттуу № 23 Москва шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде 6 арыз жана даттануу түштү. Түшкөн бардык арыздар жана даттануулар каралып чыкты жана алар боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чечимдер кабыл алынды.

“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын   64-беренесинин 51-бөлүгүнө ылайык, “Ушул бир мандаттуу шайлоо округу боюнча добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын кыйла көп добушун алган талапкер бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин шайланган депутаты деп таанылат”.

Бир мандаттуу № 23 Москва шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы тууралуу №23 Москва округдук шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 5-декабрындагы протоколунун негизинде, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 37-беренесинин 4-бөлүгүнө, 64-беренесинин 51-бөлүгүнө ылайык, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3-беренесин, 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 26-пунктун, 8-беренесин жетекчиликке алып,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бир мандаттуу № 23 Москва шайлоо округу боюнча  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын шайлоо болуп өттү деп таанылсын.

2. Ханджеза Карим Лемзарович - бир мандаттуу № 23 Москва шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин шайланган депутаты деп таанылсын.

3. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жөнөтүлсүн.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т. Шайназаровго жүктөлсүн.

 

ТӨРАГА                                                                        Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

Бишкек ш. 2021-жылдын 10-декабры

№809