№ 85

Чүй облусунун Чүй районундагы жана Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы айрым шайлоо участкаларынын даректерин өзгөртүү жөнүндө

 

“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13-1-беренесин, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесин жетекчиликке алып, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

токтом кылат:

1. Чүй облусунун Чүй районуна караштуу Шамшы айылындагы № 7042 шайлоо участогунун дареги К. Чолжиев, 22 көчөсүндө жайгашкан айыл өкмөттүн имаратынан Шамшы айылынын Школьная, 1 көчөсүндө жайгашкан Рысменди уулу Акмат атындагы орто мектебинин имаратына өзгөртүлсүн.

2. Чүй облусунун Чүй районуна караштуу Маданият айылындагы № 7083 шайлоо участогунун дареги Б. Маленов, 14 көчөсүндө жайгашкан мектептин имаратынан Маданият айылынын Мукаш-Ата, 22 көчөсүндөгү айылдык клубунун имаратына өзгөртүлсүн.

3. Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Оргочор айыл аймагынын Светлая Поляна айылындагы № 3182 шайлоо участогунун дареги Манас, 95 көчөсүндө жайгашкан административдик имаратынан Светлая Поляна айылынын К. Мырзаканов, 21 көчөсүндөгү А. Алыбаков атындагы мектептин имаратына өзгөртүлсүн.

4. Чүй аймактык шайлоо комиссиясы Онбир-Жылга айыл өкмөтү менен биргеликте жана Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссиясы Оргочор айыл аймагынын айыл өкмөтү менен биргеликте шайлоочулардын арасында шайлоо участкалардын даректери өзгөртүлгөндүгү тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн.

5. Бул токтом “Эркин-Тоо” гезитине жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.С. Жупуевага жүктөлсүн.

7. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.


 

Төрага                                                                                                                Т. Шайназаров

 

Бишкек ш., 2025-жылдын 30-сентябры

№ 85

 

МААЛЫМКАТ-НЕГИЗДЕМЕ