13.11.2021 №784 Ленин, Биринчи май, Октябрь жана Свердлов округдук шайлоо комиссияларынын курамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

 

Ленин, Биринчи май, Октябрь жана Свердлов округдук шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн шайлоо комиссияларынын курамдарынан чыгаруу жөнүндө арыздарынын негизинде, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 12-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 6-декабрындагы № 176 токтому менен бекитилген «Шайлоо комиссияларын түзүү, таркатуу жана шайлоо комиссияларынын резервин түзүү, жүргүзүү тартиби жөнүндө» Жобосуна ылайык,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Ленин округдук шайлоо комиссиясынын курамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- Малтаева Кундус Бейшеновна, Сатанова Марина Владимировна, Атантаева Атыркуль Садыковна, Ташиев Бакай Анарбекович жана Турсуналиев Руслан Мухамедович комиссиянын курамынан чыгарылсын;

- Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын резервинен Джамангулов Эрик Эсенгулович, Сельпиев Чынгыз Тойчубекович, Джомартова Назгуль Касымбаевна, Чалов Азамат Омурбекович жана Табалдиев Нурлан Эркинбекович комиссиянын курамына киргизилсин.

2. Биринчи май округдук шайлоо комиссиясынын курамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- Сыдыкова Алтынай Бактыбековна, Анзор Алмаз жана Маматкулова Рима Калысбаевна комиссиянын курамынан чыгарылсын;

- Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын резервинен Кенжешова Гулира Медетбековна, Чалмашбеков Урмат Чалмашбекович жана Үмөткулова Нуржамал Үмөткуловна комиссиянын курамына киргизилсин.

3. Октябрь округдук шайлоо комиссиясынын курамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- Дербишов Болот Абдиевич, Керимбеков Кубанычбек Мойнокович жана Султанова Айгерим Бактыбековна комиссиянын курамынан чыгарылсын;

- Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын резервинен Качкынбай уулу Жаныбек, Байсеркеев Руслан Тургенбекович жана Асанбекова Эльнура Калыбековна комиссиянын курамына киргизилсин.

4. Свердлов округдук шайлоо комиссиясынын курамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- Тарареева Лидия Ивановна, Мамбеткеримова Миргул Шайлообаевна жана Альменбаев Алмаз Болотбекович комиссиянын курамынан чыгарылсын;

- Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын резервинен Турганбаева Бадам Азаматовна, Бодошев Талантбек Темирханович жана Болот уулу Омурбек комиссиянын курамына киргизилсин.

5. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т.У. Шайназаровго жүктөлсүн.

 

 

ТӨРАГА                                                                     Н.ШАЙЛДАБЕКОВА

 

 

Бишкек ш., 2021-жылдын 13-ноябры
784