05.03.2024 №17 Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен катталган талапкерлерди чыгаруу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин д

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен катталган талапкерлерди чыгаруу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө Ош, Жайыл, Ысык-Ата, Сокулук, Баткен шаардык, Баткен, Балыкчы, Талас шаардык, Талас, Ат-Башы, Кара-Көл, Жалал-Абад, Ноокен, Аксы, Кара-Суу жана Араван аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу

 

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган мандаттарды өткөрүп берүү жөнүндө аймактык шайлоо комиссияларынын төмөнкү чечимдери келип түштү:

- Ош шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын 19.02.2024-ж. №1 Ош шаардык кеңеши боюнча;

- Жайыл аймактык шайлоо комиссиясынын 19.02.2024-ж. №8, №9 Чүй облусунун Жайыл районундагы Кара-Балта шаардык кеңеши боюнча;

- Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын 15.02.2024-ж. №5 Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Сын-Таш айылдык кеңеши боюнча;

- Сокулук аймактык шайлоо комиссиясынын 28.02.2024-ж. №2, №3 – Чүй облусунун Сокулук районундагы Военно-Антоновка жана Фрунзе айылдык кеңештери боюнча;

- Баткен шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын 19.02.2024-ж. №2 Баткен облусунун Баткен шаардык кеңеши боюнча;

- Баткен аймактык шайлоо комиссиясынын 29.02.2024-ж. №2 – Баткен облусунун Баткен районундагы Самаркандек, Кара-Бак жана Кара-Булак айылдык кеңештери боюнча;

- Балыкчы аймактык шайлоо комиссиясынын 15.02.2024-ж. №2; 22.02.2024-ж. №3 Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаардык кеңеши боюнча;

- Талас шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын 19.02.2024-ж. №5; 26.02.2024-ж. №6 – Талас облусунун Талас шаардык кеңеши боюнча;

- Талас аймактык шайлоо комиссиясынын 21.02.2024-ж. №1; 26.02.2024-ж. №2 – Талас облусунун Талас районундагы Осмонкулов айылдык кеңеши боюнча;

- Ат-Башы аймактык шайлоо комиссиясынын 21.02.2024-ж. №1; 01.03.2024-ж. №2, №3 Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Ак-Талаа жана Ак-Жар айылдык кеңештери боюнча;

- Кара-Көл аймактык шайлоо комиссиясынын 20.02.2024-ж. №5, №6, №7, №8 Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаардык кеңеши боюнча;

- Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясынын 22.02.2024-ж. №1 Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаардык кеңеши боюнча;

- Ноокен аймактык шайлоо комиссиясынын 21.02.2024-ж. №2; 27.02.2024-ж. №3 Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы Сакалды айылдык кеңеши боюнча;

- Аксы аймактык шайлоо комиссиясынын 29.02.2024-ж. №2; Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Кербен шаардык кеңеши боюнча;

- Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын 27.02.2024-ж.. №2 Ош облусунун Кара-Суу районундагы Кызыл-Кыштак айылдык кеңеши боюнча;

- Араван аймактык шайлоо комиссиясынын 29.02.2024-ж. №3 Ош облусунун Араван районундагы С.Юсупов айылдык кеңеши боюнча.

Ошондой эле депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен катталган талапкерлерди чыгаруу жөнүндө аймактык шайлоо комиссияларынын төмөнкү чечимдери келип түштү:

- Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын 15.02.2024-ж. №5 Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Сын-Таш айылдык кеңеши боюнча;

- Сокулук аймактык шайлоо комиссиясынын 28.02.2024-ж. №2 – Чүй облусунун Сокулук районундагы Военно-Антоновка айылдык кеңеши боюнча;

- Баткен аймактык шайлоо комиссиясынын 29.02.2024-ж. №2 – Баткен облусунун Баткен районундагы Самаркандек айылдык кеңеши боюнча;

- Ноокен аймактык шайлоо комиссиясынын 21.02.2024-ж. №2 Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы Сакалды айылдык кеңеши боюнча;

- Араван аймактык шайлоо комиссиясынын 29.02.2024-ж. №3 Ош облусунун Араван районундагы С.Юсупов айылдык кеңеши боюнча.

Аталган чечимдер «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесине, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине жана «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине ылайык кабыл алынган.

«Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 28-пунктуна ылайык, «Борбордук шайлоо комиссиясы жергиликтүү кеңештин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө, жергиликтүү кеңештин депутатынын бош калган мандатын өткөрүп берүү жөнүндө, жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкерлерди катталган тизмеден чыгаруу жөнүндө аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитет».

Аймактык шайлоо комиссияларынын бекитүүгө келип түшкөн чечимдеринин «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин жана «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3, 5-беренелеринин талаптарына ылайыктуулугун карап чыгып, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Ош, Жайыл, Ысык-Ата, Сокулук, Баткен шаардык, Баткен, Балыкчы, Талас шаардык, Талас, Ат-Башы, Кара-Көл, Жалал-Абад, Ноокен, Аксы, Кара-Суу жана Араван аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечимдери 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Ысык-Ата, Сокулук, Баткен, Ноокен жана Араван аймактык шайлоо комиссияларынын депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен катталган талапкерлерди чыгаруу боюнча чечимдери 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.

3. Ош, Жайыл, Ысык-Ата, Сокулук, Баткен шаардык, Баткен, Балыкчы, Талас шаардык, Талас, Ат-Башы, Кара-Көл, Жалал-Абад, Ноокен, Кара-Суу жана Араван аймактык шайлоо комиссияларынын бош калган мандаттарды талапкерлерге жана саясий партиялардын талапкерлеринин катталган тизмесиндеги талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери 3-тиркемеге ылайык бекитилсин.

4. Жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын күбөлүктөрү ушул токтом жарыяланган күндөн тартып, анык эмес деп таанылсын.

5. Ош, Жайыл, Ысык-Ата, Сокулук, Баткен шаардык, Баткен, Балыкчы, Талас шаардык, Талас, Ат-Башы, Кара-Көл, Жалал-Абад, Ноокен, Кара-Суу жана Араван аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын 3-тиркемеге ылайык каттасын жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү жана төш белгилерди тапшырсын.

6. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

7. Бул токтомдун көчүрмөсү тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жана жергиликтүү кеңештерге жөнөтүлсүн.

8. Бул токтомдун аткарылышын контролдо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т.У. Шайназаровго жүктөлсүн.

 

ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

Бишкек ш., 2024-жылдын 5-марты

№ 17