11.12.2021 №816 Бир мандаттуу №12 Өзгөн шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын шайлоо натыйжалары тууралуу

 

“Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 29-августундагы №370 Жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо 2021-жылдын 28-ноябрына дайындалды.

“Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттарын шайлоону өткөрүү боюнча шайлоо округдарынын схемасы жана чек аралары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 5-сентябрындагы № 684 токтому менен бир мандаттуу №12 Өзгөн шайлоо округунун схемасы бекитилди.

Бир мандаттуу №12 Өзгөн шайлоо округунда добуш берүүнү өткөрүү үчүн 69 шайлоо участогу түзүлгөн.  

Бир мандаттуу №12 Өзгөншайлоо округу боюнча шайлоочулардын тизмесине 89257 шайлоочу киргизилген, алардын ичинен 30163 шайлоочу добуш берүүгө катышты, бул 33,8%ды түздү.

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бир мандаттуу №12 Өзгөн шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына төмөнкү 3 талапкерди каттады:

1. Сатыбалдиев Эльмурза Ракиевич;

2. Жумакадыр уулу Манасмиң;

3. Карашев Аалы Азимович.

Алардын ичинен шайлоого 1 талапкер катышкан

Бир мандаттуу №12 Өзгөн шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде арыздар, даттануулар түшкөн эмес.

Өзгөн округдук шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 5-декабрындагы №7 чечими менен, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын  37-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык №5078, №5098, №5437 шайлоо участкаларында добуш берүүнүн жыйынтыгы жокко чыгарылды.

Ал шайлоо участактарында добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгаруу жыйынтык натыйжасына таасир этпегендигин белгилей кетүү керек. Шайлоонун натыйжалары боюнча №12 Өзгөн шайлоо округунун 66 шайлоо участкаларында жыйынтыктар чыгарылды.

Бир мандаттуу №12 Өзгөн шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы тууралуу Өзгөн округдук шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 6-декабрындагы протоколунун маалыматтарына ылайык:

- Сатыбалдиев Эльмурза Ракиевич 21108 (69,98%) добуш алды;

- “Баарына каршы” позициясы үчүн 4055 (13,44%) добуш берилди.

“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 64-беренесинин  51-бөлүгүнө ылайык, “Ушул бир мандаттуу шайлоо округу боюнча добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын кыйла көп добушун алган талапкер бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин шайланган депутаты деп таанылат”.

Бир мандаттуу №12 Өзгөн шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы тууралуу Өзгөн округдук шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 6-декабрындагы протоколунун негизинде, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 37-беренесинин 4-бөлүгүнө, 64-беренесинин 51-бөлүгүнө ылайык,  “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3-беренесин, 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн             26-пунктун, 8-беренесин жетекчиликке алып,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бир мандаттуу №12 Өзгөн шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын шайлоо болуп өттү деп таанылсын.

2. Сатыбалдиев Эльмурза Ракиевич бир мандаттуу №12 Өзгөн шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин шайланган депутаты деп таанылсын.

3. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жөнөтүлсүн.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т. Шайназаровго жүктөлсүн.

 

ТӨРАГА                                                                            Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

Бишкек ш. 2021-жылдын 11-декабры

№816