Башкы БШКнын ЧУА Токтом 20.01.2022 №4 Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты О.К. …

20.01.2022 №4 Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты  О.К. Нарматованын билими тууралуу документтери жѳнүндѳ  Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин ма

Об изготовлении в типографии ОАО «Учкун» Кодекса Кыргызской Республики о выборах в Кыргызской Республике от 9 августа 2010 года, №141 16.12.2024 №266 Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын бош калган мандатын өткөрүп берүү жөнүндө Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын шайланган башчыларынын тизмеси 16.12.2024 №264 Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Ч.Т. Толоновдун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө 16.12.2024 №265 Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө Кызыл-Кыя, Сүлүктү, Су 10.01.2025 №1 Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө Талас шаардык, Сузак, Ка 23.01.2025 №2 Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Ж.Ш. Токторбаевдин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө 30.08.2023-ж. №82 26.11.2024 №263 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө 23.01.2025 №3 КРнын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган мандаттарды мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө 23.01.2025 №4 Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын бош калган мандатын өткөрүп берүү жөнүндө 26.11.2024 №262 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Талас облусунун Бакай-Ата районундагы Бакай-Ата айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжасы жөнүндө Бакай-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө 25.11.2024 №261 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Сузак жана Кара-Дарыя айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө Сузак аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу 25.11.2024 №260 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Чүй облусунун Москва районундагы Ак-Суу, Нарзан, Төлөк, Төрт-Гүл, Миң-Булак айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө Москва аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө 25.11.2024 №259 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Балыкчы аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө 24.11.2024 №258 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Кетмен-Дөбө жана Э. Иманалиев айылдык кеңештеринин депуттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө  Токтогул  аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө 24.11.2024 №257 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Ош облусунун Алай районундагы Гүлчө айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө Алай аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө 24.11.2024 №256 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Чүй облусунун Кара-Балта шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Кара-Балта аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө 24.11.2024 №255 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Чүй облусунун Сокулук районундагы Манас айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө Сокулук аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө 24.11.2024 №254 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Талас облусунун Бакай-Ата районундагы Акназаров, Биримдик, Күмүштак айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө Бакай-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө 24.11.2024 №253 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Ош облусунун Алай районундагы Жаңы-Алай, Жибек-Жолу, Курманжан-Датка, Памир-Алай, Тилектеш жана Үч-Дөбө-Алай айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө Алай аймактык шайлоо комиссия 24.11.2024 №252 ​​​​​​​2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Ош облусунун Ноокат районундагы А.Мирмахмудов, Бел, Гулистан, Жаңы-Ноокат, Кара-Таш, Кеңеш, Көк-Бел, Көк-Жар, Кыргыз-Ата, Н.Исанов, Т.Зулпуев, Т.Кулатов жана Төөлөс айылдык кеңештеринин депутатта 24.11.2024 №251 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Ош облусунун Кара-Суу районундагы Ала-Тоо, Баш-Булак, Датка, Жоош, Мады, Манас, Отуз-Адыр, Папан, Савай жана Ынтымак айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө Кара-Суу аймактык шай 24.11.2024 №250 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Ош облусунун Кара-Суу районундагы Кара-Суу шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө 24.11.2024 №249 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Баткен облусунун Кадамжай районундагы А.Масалиев, Ак-Турпак, Бирлик, Исхак-Полотхан, Майдан, Молдо Нияз, Орозбеков, Үч-Коргон айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө Кадамжай ай 24.11.2024 №248 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Баткен облусунун Кадамжай районунун Айдаркен шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары тууралуу Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө 24.11.2024 №247 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Баткен облусунун Кадамжай районунун Кадамжай шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары тууралуу Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө 24.11.2024 №246 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Чүй облусунун Сокулук районундагы З. Кайназарова атындагы, Военно-Антоновка, Гавриловка, Жаңы-Пахта, Күнтуу, Төмөнкү-Чүй, Сары-Өзөн, Сокулук айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жөнүн 24.11.2024 №245 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Чүй облусунун Сокулук районунун Шопоков шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Сокулук аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө 24.11.2024 №244 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Сары-Камыш, Толук, А. Суеркулов, жана Үч-Терек айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө Токтогул аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу 24.11.2024 №243 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Барпы, Атабеков, Кызыл-Туу, Багыш, Көк-Арт, жана Кыз-Көл, айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө Сузак аймактык шайлоо комиссиясынын прото 24.11.2024 №242 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Жалал-Абад облусунун Ноокен районуну Шамалдуу-Сай шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Ноокен аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө 23.11.2024 №241 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Сузак аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө 23.11.2024 №240 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Ош облусунун Ноокат районундагы Ноокат шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө 23.11.2024 №239 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Баткен облусунун Лейлек районундагы Ак-Суу, Жаңы-Жер, Кең-Талаа, Кулунду, Лейлек, Сумбула, Тогуз-Булак айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө Лейлек аймактык шайлоо комиссиясыны 23.11.2024 №238 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Баткен облусунун Лейлек районунун Раззаков шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары тууралуу Лейлек аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө 23.11.2024 №237 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Жалал-Абад облусунун Ноокен  районундагы Д.Садырбаев, Э.Алиев, Момбеков  жана Бүргөндү-Достук  айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө Ноокен аймактык шайлоо комиссиясынын проток 23.11.2024 №236 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Акман, Кеңеш, Арстанбап-Ата, жана Сайдыкум айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө Базар-Коргон аймактык шайлоо комиссиясынын проток 23.11.2024 №235 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Жалал-Абад облусунун Ноокен районуну Кочкор-Ата шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Ноокен аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө 23.11.2024 №234 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районуну Базар-Коргон шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Базар-Коргон аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө 23.11.2024 №233 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Майлуу-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө 23.11.2024 №232 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Ак-Кудук, Жайылма, Жээк, Кең-Булун, Кочкорбаев, Нурманбет, Сын-Таш, Узун-Кыр, Ысык-Ата айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө Ысык-Ата аймакты 23.11.2024 №231 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Чүй облусунун Чүй районундагы Биримдик, Бурана, Онбир-Жылга, С.Ибраимов,  Чүй айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө Чүй аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө 23.11.2024 №230 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Чүй облусунун Аламүдүн районундагы А. Сыдыков, Арашан, Байтик-Баатыр, Достук, Кара-Жыгач, С. Чокморов, Таш-Мойнок айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө Аламүдүн аймактык шайлоо 23.11.2024 №229 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Чүй облусунун Жайыл районундагы Ак-Башат, Жайыл, Сары-Коо, Суусамыр, Талды-Булак, Ынтымак айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө Жайыл аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жө 23.11.2024 №228 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Чүй облусунун Токмок шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Токмок аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө 23.11.2024 №227 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Баткен облусунун Баткен районундагы Ак-Сай, Ак-Татыр, Алтын-Бешик, Кара-Бак, Самаркандек, Суу-Башы, Төрт-Гүл айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө Баткен аймактык шайлоо комисс 23.11.2024 №226 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Баткен облусунун Сүлүктү шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары тууралуу Сүлүктү аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө 23.11.2024 №225 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары тууралуу Кызыл-Кыя аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө 23.11.2024 №224 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Баткен облусунун Баткен шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары тууралуу Баткен шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты  О.К. Нарматованын билими тууралуу документтери жѳнүндѳ  Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин маалыматтары жѳнүндѳ

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын (мындан ары – КР БШК) 2021-жылдын 22-октябрындагы №710 чечими менен берилген документтердин негизинде, анын ичинде «Журналистика» кесиптиги боюнча 2017-жылы Жалал-Абад мамлекеттик университети (мындан ары – ЖАМУ) тарабынан берилген № УВ170038584 дипломдун нотариуста күбѳлѳндүрүлгѳн кѳчүрмѳсүнүн негизинде О.К. Нарматова «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынын тизмеси боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары катталган.

КР БШКнын 2021-жылдын 15-декабрындагы №836 токтому менен О.К. Нарматова бирдиктүү шайлоо округу боюнча «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынан талапкерлердин тизмеси боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланды деп таанылган.

КР БШКнын 2021-жылдын 28-декабрындагы №844 токтому менен О.К. Нарматова «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты катары катталган.

 

2022-жылдын 19, 20-январында КР БШКга О.К. Нарматова тарабынан жогорку билими жѳнүндѳ ЖАМУнун дипломун мыйзамсыз алуу жѳнүндѳ маселе боюнча Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинен (мындан ары – КР ББжИМ) жана Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен (мындан ары - УКМК) маалымат келип түшкѳн (тиркелет).

2022-жылдын 20-январында КР БШКнын жыйынында ушул маселени кароодо аталган органдардын ѳкүлдѳрү жана О.К. Нарматова чакырылган. Жыйынга КР ББжИМ ѳкүлү – жогорку жана орто кесиптик билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Д.К. Алибаева; УКМК ѳкүлү – ѳзгѳчѳ маанилүү иштер боюнча тергѳѳ тобунун жетекчиси улук майор Э.О. Алишеров жана О.К. Нарматованын ѳкүлү М.А. Ураимов катышты.

УКМКнын ѳкүлү Э.О. Алишеров 2021-жылдын 29-декабрында кылмыш иши козголгондугун, анын алкагында тергѳѳнүн жүрүшүндѳ ЖАМУда жогорку кесиптик билим алууда О.К. Нарматова тарабынан мыйзамдарды бузуу аныкталгандыгын билдирди.

КР ББжИМ маалыматы боюнча, О.К. Нарматованын жогорку билими жѳнүндѳ дипломду алышынын мыйзамдуулугун текшерүү максатында КР ББжИМ 2022-жылдын 15-январындагы №30/1 буйругу менен атайын комиссия түзүлгѳн, иштеринин жыйынтыгы боюнча комиссия 2017-жылы ЖАМУ тарабынан О.К. Нарматовага берилген диплом Кыргыз Республикасынын билим берүү жѳнүндѳ мыйзамын бузуу менен берилгендигин аныктаган.

 

Атап айтканда, КР ББжИМнын комиссиясы тарабынан О.К. Нарматова ЖАМУга журналистика факультетине тапшырууда кабыл алуунун эрежелери сакталбагандыгы, мурдагы билими жѳнүндѳ талап кылынуучу документтер жок болгондугу, жогорку кесиптик билим алуунун профилине орто кесиптик билиминин профилинин ылайык келүүсү боюнча талаптар сакталбагандыгы белгиленген.

«Билим берүү жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесине ылайык, «Тиешелүү багыттагы кесиптик орто билими бар адамдар тездетилген программалар боюнча кесиптик жогорку билим алышы мүмкүн».

Кыргыз Республикасынын Өкмѳтүнүн 2011-жылдын 27-майындагы №256 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларына кабыл алуунун тартиби жѳнүндѳ жобонунун 1.5. пунктуна ылайык, «Жождорго тездетилген программалар боюнча окутууга ар түрдүү деңгээлдердеги жогорку кесиптик билими жөнүндө мамлекеттик үлгүдөгү диплому бар адамдар кабыл алынат».

 

О.К. Нарматованын ѳкүлү М.А. Ураимов жыйында О.К. Нарматова атайын орто кесипти 2010-жылы «Бухгалтердик эсеп» кесиптиги боюнча Москвадагы бизнес колледжден алгандыгын маалымдады. Бирок О.К. Нарматованын аталган окуу жайын бүтүргѳндүгүн тастыктаган документтерди берүүгѳ мүмкүнчүлүгү жок экендигин билдирди.

УКМКнын ѳкүлү сурак жүргүзүүдѳ О.К. Нарматова ошол адистик боюнча Москва бизнес колледжинде окугандыгы тууралуу билдиргендигин тастыктады.

 

Минск шаарында 2013-жылдын 31-майында кол коюлган, Кыргыз Республикасынын Өкмѳтүнүн 2013-жылдын 22-ноябрындагы №634 токтому менен бекитилген, Евразия экономикалык шериктештигинде билим, илимий деңгээл жана илимий наам тууралуу документтерди ѳз ара таануу жана эквиваленттүүлүгү жѳнүндѳ макулдашуунун 5-беренесине ылайык «Кесиптик орто билими жѳнүндѳ диплом Тараптардын мамлекеттеринин ар биринде билим алуусун улантууда жана кесиптик иш менен алектенүү үчүн ошол документтерде кѳрсѳтүлгѳн адистигине (кесибине) жана/же квалификациясына ылайык Тараптар тарабынан эквиваленттүү (жарактуу) деп таанылат».

 

Мындан тышкары, КР ББжИМнын ѳкүлү Д.К.Алибаева «Жогорку жана орто кесиптик билим берүү чѳйрѳсүндѳ Кыргыз Республикасынын Өкмѳтүнүн айрым чечимдерине ѳзгѳртүүлѳрдү киргизүү жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Өкмѳтүнүн 2019-жылдын 30-декабрындагы №718 токтому кабыл алынганга чейин атайын кесиптик орто билимдин жана профили боюнча ага ылайык келген бакалаврларды жана кесиптик жогорку билимдин адистигин даярдоо багыттарынын тизмегин бекитүү жѳнүндѳ, КР ББжИМнын буйругу жыл сайын чыгарылып тургандыгын белгилеген, ага ылайык мурда алынган билимдин профилинен билим алууну улантууга, жогорку кесиптик билимден алынган профилге укуктук жактан ылайык келиши белгиленип турган.

 

КР ББжИМнын маалыматына ылайык, 2013-жылы колдонуудагы ББжИМнын буйругу боюнча «Бухгалтердик эсеп» адистиги боюнча кесиптик орто билимдин профили «Экономика», «Бизнес маалымат» жана «Бажы иши» адистиктери боюнча жогорку кесиптик билимдин багыттарына гана ылайык келген.

 

Баяндалгандардын негизинде, «Бухгалтердик эсеп» адистиги боюнча Москва бизнес колледжинин кесиптик орто билим жѳнүндѳ диплому «Журналистика» адистиги боюнча жогорку кесиптик билимдин профилине ылайык келбейт, бул ѳз кезегинде «Билим берүү жѳнүндѳ Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын, жогоруда аталган жоболордун жана буйруктардын талаптарын бузуу болуп саналат, демек О.К. Нарматованын ЖАМУга тапшыруусу жана жогорку кесиптик билими жѳнүндѳ тездетилген программада диплом алуусу үчүн негиз боло алмак эмес.

 

УКМКнын маалыматы боюнча, корутунду аттестациялоону кошуп алганда бир катар семестрлер боюнча аттестациялоо учурунда О.К. Нарматова КР аймагынан сырткары жүргѳн, бул Кыргыз Республикасынын Өкмѳтүнүн 2014-жылдын 26-июнундагы №354 токтому менен бекитилген, билим берүү программаларын ишке ашырууда аралыктан билим берүү технологияларын колдонуунун тартибинин 20-пунктунун «Билим берүү уюму тарабынан окугандарды аралыктык аттестациялоо жана бүтүрүүчүлөрдү милдеттүү жыйынтыктоочу аттестациялоо окугандын ѳзүнүн милдеттүү катышуусу менен жүзөгө ашырылат» деген талаптарын бузуу болуп саналат

 

ББжИМнын комиссиясынын текшерүүсүнүн алкагында ошондой эле билим берүү тууралуу мыйзамдардын башка одоно бузулушу аныкталган, натыйжада комиссиянын корутундусунун негизинде, ЖАМУнун ректору тарабынан О.К. Нарматовага «Журналист» квалификациясын ыйгаруу жѳнүндѳ 2017-жылдын 14-апрелиндеги Мамлекеттик аттестациялоо комиссиясынын токтомун жокко чыгаруу, 2017-жылдын 5-июлунда катоо №8763 О.К. Нарматовага берилген жогорку билими жѳнүндѳ № УВ170038584 дипломду чакыртып алуу тууралуу 2022-жылдын 19-январындагы № 6/163 буйругу чыгарылган.

«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ» Кыргыз Респрубликасынын конституциялык Мыйзамынын (мындан ары – конституциялык Мыйзам) 59-беренесине ылайык «Шайлоо күнүнө карата 25 жашка толгон, шайлоого укугу бар, жогорку кесиптик билими бар Кыргыз Республикасынын жараны Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайлана алат».

Конституциялык Мыйзамдын 59-беренесине ылайык: «Шайлоо күнүнө карата 25 жашка толгон, шайлоого укугу бар, жогорку кесиптик билими бар Кыргыз Республикасынын жараны Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайлана алат.».

Конституциялык Мыйзамдын 61-беренесинин 1-бѳлүгүнүн 2 жана 3-пункттарына ылайык талапкерлердин тизмесин каттоо үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына «талапкерлердин тизмесине киргизилген ар бир талапкер тарабынан толтурулган, өмүр баянын жана башка маалыматтарды көрсөтүү менен талапкер жөнүндө маалыматтардын атайын формаларын, паспортунун көчүрмөсүн, жогорку кесиптик билим жөнүндө документтин нотариалдык түрдө күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн, иштеген же окуган жеринен маалымдаманы, башка мамлекеттин жарандыгы жок экендиги жөнүндө, соттолгондук жөнүндө маалыматтарды, чет мамлекеттин жарандыгы (ошондой эле мурдагы жарандыктары, башка жарандыктары) бар же жок экендиги жагынан жекече маалыматтарын иштетүүгө жазуу жүзүндө макулдугун» берет.

Конституциялык Мыйзамдын 46-беренесинин 1-бѳлүгүнѳ ылайык «Шайланган талапкердин каттоосу, талапкер өзүнүн пассивдүү шайлоо укугу жок экени тууралуу маалыматтарды жашырып койгонунун, анын ичинде талапкердин мыйзамда белгиленген тартипте алып салынбаган же жоюлбаган соттолгондугу же ушул конституциялык Мыйзамдын 3-беренесинин 4-бөлүгүндө каралган жагдайлардын бар экени жөнүндө, ага карата соттун айыптоо өкүмү күчүнө киргени жөнүндө, Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыкканы же жоготкону жөнүндө, башка мамлекеттин жарандыгына таандыгы жөнүндө, колдонуудагы мыйзамдарда белгиленген негиздерде анын башка пассивдүү шайлоо укугу жок экени тууралуу маалыматтар талапкер тарабынан жашырган фактылары далилденген учурларда, ошондой эле талапкер каза болгон учурда, Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан жокко чыгарылат».

 

Жогорку кесиптик билим алуунун тартиби жѳнүндѳ мыйзамдарды бузгандыгына байланыштуу 2017-жылдын 5-июлунда катоо №8763 О.К. Нарматовага берилген жогорку билими жѳнүндѳ №УВ170038584 дипломду чакыртып алуу тууралуу КР ББжИМ ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын маалыматынын негизинде, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 46-беренесинин 1-бѳлүгүнѳ, 59, 61-беренелерине ылайык, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы жѳнүндѳ» Кыргыз Респрубликасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. О.К. Нарматованын катоосу жокко чыгарылсын жана ал КР БШКнын 2021-жылдын 22-октябрындагы №710 чечими менен катталган «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкердин тизмесинен алып салынсын.

2. «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынан талапкер О.К. Нарматованы «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынан бирдиктүү шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына шайланды деп таануу бѳлүгүндѳ КР БШКнын 2021-жылдын 15-декабрындагы №836 токтомунун 7- пункту жокко чыгарылсын.

3. О.К. Нарматованы «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынан бирдиктүү шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты катары каттоо бѳлүгүндѳ КР БШКнын 2021-жылдын 28-декабрындагы 844 токтому жокко чыгарылсын.

4. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Нарматова Орозайым Кочконбаеванын күбѳлүгү анык эмес деп таанылсын.

5. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

6. Бул токтомдун кѳчүрмѳсү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жѳнѳтүлсүн.

7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын тѳрагасынын орун басары Т. Шайназаровго жүктѳлсүн.

 

ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

Бишкек ш., 2022-жылдын 20-январы

№ 4