29.06.2024 №74 Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу,  депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен катталган талапкерлерди чыгаруу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу,  депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен катталган талапкерлерди чыгаруу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө Базар-Коргон, Кара-Көл, Сузак, Ак-Суу, Нарын шаардык, Ысык-Ата жана Талас шаардык аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу

 

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу,  депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен катталган талапкерлерди чыгаруу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдери келип түштү.

«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 1-пунктунун жана «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктунун негизинде, депутаттар депутаттык ыйгарым укуктарын тапшыруу жөнүндө арыз бергендигине байланыштуу жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө:

- Базар-Коргон аймактык шайлоо комиссиясынын 26.06.2024-ж. №03 Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Базар-Коргон шаардык кеңеши боюнча;

- Кара-Көл аймактык шайлоо комиссиясынын 24.06.2024-ж. №19   Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаардык кеңеши боюнча;

- Сузак аймактык шайлоо комиссиясынын 27.06.2024-ж. №11  Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы С.Атабеков айылдык кеңеши боюнча;

- Нарын шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын 24.06.2024-ж. №12 Нарын облусунун Нарын шаардык кеңеши боюнча;

- Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын 25.06.2024-ж. №7  Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Люксембург айылдык кеңеши боюнча;

- Талас шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын 28.06.2024-ж. №9 Талас облусунун Талас шаардык кеңеши боюнча.

«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 11-пунктунун жана «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин 2-бөлүгүнүн 9-пунктунун негизинде, депутаттар каза болгондугуна байланыштуу жергиликтүү кеңешинин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө:

- Ак-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын 21.06.2024-ж. №2  Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Эңилчек айылдык кеңеши боюнча.

Жеке арыздын негизинде депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен катталган талапкерлерди чыгаруу жөнүндө:

- Талас шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын 28.06.2024-ж. №9 Талас облусунун Талас шаардык кеңеши боюнча.

«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3-пунктунун жана 1-1 -бөлүгүгүнүн негизинде, бош калган мандаттарды саясий партиянын тизмесинде шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө:

- Базар-Коргон аймактык шайлоо комиссиясынын 26.06.2024-ж. №03 Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Базар-Коргон шаардык кеңеши боюнча;

- Кара-Көл аймактык шайлоо комиссиясынын 24.06.2024-ж. №20 Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаардык кеңеши боюнча;

- Нарын шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын 28.06.2024-ж. №13 Нарын облусунун Нарын шаардык кеңеши боюнча;

- Талас шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын 28.06.2024-ж. №10 Талас облусунун Талас шаардык кеңеши боюнча.

«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунун негизинде, бош калган мандаттарды тиешелүү көп мандаттуу шайлоо округу боюнча добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган депутаттан кийинки талапкерге өткөрүп берүү жөнүндө:

- Сузак аймактык шайлоо комиссиясынын 28.06.2024-ж. №12  Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы С.Атабеков айылдык кеңеши боюнча;

- Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын 25.06.2024-ж. №7  Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Люксембург айылдык кеңеши боюнча;

Аймактык шайлоо комиссияларынын кабыл алынган чечимдери «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесинин, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин жана «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин талаптарына ылайык келет.

«Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 28-пунктуна ылайык, «Борбордук шайлоо комиссиясы жергиликтүү кеңештин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө, жергиликтүү кеңештин депутатынын бош калган мандатын өткөрүп берүү жөнүндө, жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкерлерди катталган тизмеден чыгаруу жөнүндө аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитет».

Аймактык шайлоо комиссияларынын бекитүүгө келип түшкөн чечимдеринин «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин жана «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө»  Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3, 5-беренелеринин талаптарына ылайыктуулугун карап чыгып, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Базар-Коргон, Кара-Көл, Сузак, Ак-Суу, Нарын шаардык, Ысык-Ата жана Талас шаардык аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңешинин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечимдери 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Талас шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен катталган талапкерлерди чыгаруу боюнча чечими 2-тиркемеге ылайык бекитилсин. 

3. Базар-Коргон, Кара-Көл, Сузак, Нарын шаардык, Ысык-Ата жана Талас шаардык аймактык шайлоо комиссияларынын бош калган мандаттарды талапкерлерге жана саясий партиялардын талапкерлеринин катталган тизмесиндеги талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери 3-тиркемеге ылайык бекитилсин.

4. Жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын күбөлүктөрү ушул токтом жарыяланган күндөн тартып, анык эмес деп таанылсын.

5. Базар-Коргон, Кара-Көл, Сузак, Нарын шаардык, Ысык-Ата жана Талас шаардык аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын 3-тиркемеге ылайык каттасын жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү жана төш белгилерди тапшырсын.

6. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

7. Бул токтомдун көчүрмөсү тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жана жергиликтүү кеңештерге жөнөтүлсүн.

8. Бул токтомдун аткарылышын контролдо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т.У. Шайназаровго жүктөлсүн.

 

 

ТӨРАГА                      Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш., 2024-жылдын 29-июну

№ 74