26.11.2024 №263 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө
2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө
2024-жылдын 17-ноябрында Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 6-сентябрындагы №256 Жарлыгы менен дайындалган Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо болуп өттү.
Бишкек шаардык кеңеши боюнча шайлоону өткөрүү үчүн бирдиктүү 1 шайлоо округ жана 268 шайлоо участок түзүлгөн.
Шайлоочулардын тизмесине 642 071 шайлоочу киргизилген.
Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоого 7 саясий партия катталган: «Адилет», «Жаңы Күч», «Ынтымак», «Эмгек», «Эл Үмүтү», «Уулу-Журт», «Социал Демократтар».
Добуш берүүгө жалпысынан 131 613 шайлоочу катышты, бул жалпы шайлоочулардын 20,50% түзөт, анын ичинде аралыктан добуш берүүгө 269 шайлоочу катышты.
Бишкек шаардык кеңешинде мандаттардын саны 51.
Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча 5 саясий партиялар шайлоочулардын жалпы санынын 5 жана андан көп пайызынын добушуна ээ болду: «Жаңы Күч» - 37 903 добуш (29,11%) - 17 мандат; «Эмгек» - 28 647 добуш (22%) - 12 мандат; «Адилет» - 17 858 добуш (14,97%) - 8 мандат; «Ынтымак» - 18 613 добуш (14,29%) - 8 мандат; «Эл Үмүтү» - 14 514 добуш (11,15%) - 6 мандат.
«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 38, 56-1-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2024-жылдын 23-сентябындагы №136 токтому менен бекитилген «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо аралыктан добуш берүүнү уюштуруунун жана өткөрүүнүн, аралыктан добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөөнүн тартиби жөнүндө» Жобого ылайык:
- 268 участкалык шайлоо комиссияларындагы добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу жана аралыктан добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө аралыктан добуш берүүнүн шайлоо участкаларынын 2024-жылдын 25-ноябрындагы протоколдордун негизинде Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы шайлоолорду болуп өттү деп тааныды жана Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжаларын белгиледи.
Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө 25 арыз түшкөн. Келип түшкөн арыздар каралып, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чечим кабыл алынган. Бүгүнкү күнгө каралбай калган арыздар жана даттануулар жок.
«Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 27-пункттарына, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 38, 40, 51, 56-1-беренелерине ылайык,
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын 2024-жылдын 25-ноябрындагы протоколу бекитилсин (тиркелет).
2. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
3. Бул токтомдун көчүрмөсү Бишкек аймактык шайлоо комиссиясына жана Бишкек шаардык кеңешине жиберилсин.
4. Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы шайлоонун натыйжалары жарыялангандан кийин 3 күндүк мөөнөттө шайланган Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын каттасын жана аларга ырастамаларды, белгиленген үлгүдөгү төш белгилерди тапшырсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т. Шайназаровго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2024-жылдын 26-ноябры
№ 263