20.08.2021 №655 Токмок аймактык шайлоо комиссиясынын резервине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

 

 

Чүй облусунун Токмок шаардык кеӊешинин 2021-жылдын 13-августундагы № 6/2-5 токтомунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерине, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө»  Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-1-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 6-декабрындагы № 176 токтому менен бекитилген «Шайлоо комиссияларын түзүү, таркатуу жана шайлоо комиссияларынын резервин түзүү, жүргүзүү тартиби жөнүндө» Жобосуна ылайык,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. Чүй облусунун Токмок аймактык шайлоо комиссиясынын резервине жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн:

- Демильханова Лейла Вахаевна;

- Степанова Анастасия Михайловна;

- Исакова Мөөркан Шүкүрбековна;

- Баялинов Кылыч Абдыбекович;

- Сардиева Шахноза Каримовна;

- Иманалиева Арсар Чыныбековна;

- Сансызбаева Асель Намырбековна;

- Ахунова Гульнар Хашимовна;

- Коноплева Елена Александровна;

- Максутбоева Эхтибар;

- Коноплева Ольга Филипповна;

- Сергеева Оксана Андреевна;

- Базарарбаева Жыпаргуль Манасбековна;

- Евсюкова Елена Александровна киргизилсин.

2. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т. Шайназаровго жүктөлсүн.     

 

 

ТӨРАГА                                   Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш., 2021-жылдын 20-августу

№ 655