24.08.2023 №80 2023-жылдын 10-сентябрына дайындалган № 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын кайра шайлоодогу шайлоо бюллетени жөнүндө

2023-жылдын 10-сентябрына дайындалган № 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын кайра шайлоодогу шайлоо бюллетени жөнүндө

 

«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 30-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесине,  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча депутатын кайра шайлоодо 2023-жылдын 21-августундагы өткөрүлгөн шайлоо бюллетенинде талапкерлердин кезегин аныктоо жөнүндө чүчүкулактын натыйжасы жөнүндөгү протоколуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 22-январындагы №13 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын шайлоолорунда жана референдумдарында шайлоо бюллетендерин жана добуш берүү бюллетендерин даярдоо, өткөрүп берүү жана сактоо тартиби жөнүндө» жобосун, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Катуу отчеттуулуктагы документтерди даярдоо жөнүндө» 1997-жылдын 22-сентябрындагы № 540 токтомун жетекчиликке алып,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2023-жылдын 10-сентябрына дайындалган № 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын кайра шайлоодогу шайлоо бюллетенинин тексти тиркеме ылайык бекитилсин. 

2. Бул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн шайлоо бюллетендерди Бишкек шаары, Ибраимов көчөсү, 24 дареги боюнча жайгашкан «Учкун» ААКсында даярдоо ишке ашырылсын.

3. Шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгы жана маалымат-коммуникация технологиялар башкармалыгы ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн шайлоо бюллетендерин даярдоо процессинде, шайлоо бюллетендеринин формасы жана сактоо даражасынын талаптарын камсыздоо максатында алдын-ала тестирлөөнү ишке ашырсын.

4. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппараты мыйзамда белгиленген тартипте шайлоо бюллетендерин Ленин округдук шайлоо комиссиясына жеткирүүнү жана берүүнү камсыз кылуу боюнча чараларды көрсүн.

5. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын (тиркемесиз).

6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т. У. Шайназаровго жүктөлсүн.

 

 

ТӨРАГА                                                                      Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш, 2023-жылдын 24-августу

80