6.11.2024 №181 Ош жана Каракол аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Ош жана Каракол аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Ош аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөсү Н.С. Баймырзаевдин,  Каракол аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөсү Д.Т. Мусуралиеванын аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарынан чыгаруу жөнүндө арыздарынын негизинде, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерине, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө»  Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесине, 22-беренесинин 10-бөлүгүнүн 1-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын  6-декабрындагы № 176 токтому менен бекитилген «Шайлоо комиссияларын түзүү, таркатуу жана шайлоо комиссияларынын резервин түзүү, жүргүзүү тартиби жөнүндө» Жобого ылайык,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ

  1. Ош аймактык шайлоо комиссиясынын курамына  төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
  • жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Баймырзаев Нурланбек Сүйүнович комиссиянын курамынан чыгарылсын;
  • жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Маматуллаева Жаркынай Туратовна резервден комиссиянын курамына киргизилсин.
  1. Каракол аймактык шайлоо комиссиясынын курамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
  • жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Мусуралиева Дамира Тентиевна комиссиянын курамынан чыгарылсын;

3.  Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана  Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4.  Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т.У. Шайназаровго жүктөлсүн.

 

ТӨРАГАНЫН ОРУН БАСАРЫ                                        Т. ШАЙНАЗАРОВ                

Бишкек ш., 2024-жылдын 6-ноября

№ 181