26.09.2024 №149 2024-жылдын 17-ноябрына дайындалган Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Ош, Талас, Чүй жана Ысык-Көл облустарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону өткөрүү үчүн шайлоо округдарынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө

2024-жылдын 17-ноябрына дайындалган Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Ош, Талас, Чүй жана Ысык-Көл облустарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону өткөрүү үчүн шайлоо округдарынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө

 

Шайлоо округдарынын схемаларын жана чек араларын бекитүү боюнча Алай, Араван, Кара-Кулжа, Кара-Суу, Ноокат, Өзгөн, Чоң-Алай, Баткен шаардык, Баткен, Кызыл-Кыя, Сүлүктү, Кадамжай, Лейлек, Кара-Көл, Майлуу-Суу, Таш-Көмүр, Аксы, Ала-Бука, Базар-Коргон, Ноокен, Сузак, Тогуз-Торо, Токтогул, Чаткал, Балыкчы, Ак-Суу, Жети-Өгүз, Тоң, Ысык-Көл, Түп, Нарын шаардык, Ак-Талаа, Ат-Башы, Жумгал, Кочкор, Нарын, Талас шаардык, Талас, Бакай-Ата, Айтматов, Манас, Токмок, Кант, Кара-Балта, Жайыл, Панфилов, Сокулук, Чүй, Москва, Ысык-Ата, Кемин, Аламүдүн аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдери аркылуу берилген сунуштарынын негизинде, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 4, 5-пункттарына, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесине, «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештерин таркатуу жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 6-сентябрындагы ПЖ № 256 Жарлыгына ылайык,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. 2024-жылдын 17-ноябрына дайындалган Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Ош, Талас, Чүй, жана Ысык-Көл облустарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону өткөрүү үчүн шайлоо округдарынын схемалары жана чек аралары тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3. Бул токтомдун тиркемеси тийиштүү жергиликтүү массалык маалымат каражаттарында жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т.У. Шайназаровго жүктөлсүн.

 

 

ТӨРАГА                                                                      Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

 

Бишкек ш., 2024-жылдын 26-сентябры

149