10.02.2025 №6 Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө Лейлек,

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө Лейлек, Баткен, Кемин, Аламүдүн, Жайыл жана Ноокат аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу

 

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдери келип түштү.

«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 1-пунктунун жана «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө»  Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктунун негизинде, депутаттар депутаттык ыйгарым укуктарын тапшыруу жөнүндө арыз бергендигине байланыштуу жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө:

- Лейлек аймактык шайлоо комиссиясынын 29.01.2025-ж. №1  – Раззаков шаардык кеңеши боюнча;

- Кемин аймактык шайлоо комиссиясынын 03.02.2025-ж. №1  – Кемин шаардык кеңеши боюнча;

- Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиясынын 29.01.2025-ж. №1   – Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Байтик-Баатыр айылдык кеңеши боюнча;

- Баткен аймактык шайлоо комиссиясынын 04.02.2025-ж. №1  – Баткен облусунун Баткен районундагы Ак-Татыр айылдык кеңеши боюнча;

- Жайыл аймактык шайлоо комиссиясынын 06.02.2025-ж. №1 – Чүй облусунун Жайыл районундагы Жайыл айылдык кеңеши боюнча;

- Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын 31.01.2025-ж. №1 Ош облусунун Ноокат районундагы Кеңеш айылдык кеңеши боюнча.

«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин 1-бөлүгүнүн   3-пунктунун жана 1-1-бөлүгүнүн негизинде, бош калган мандаттарды саясий партиянын тизмесинде шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө:

- Лейлек аймактык шайлоо комиссиясынын 29.01.2025-ж. №1 Раззаков шаардык кеңеши боюнча;

- Кемин аймактык шайлоо комиссиясынын 03.02.2025-ж. №2 Кемин шаардык кеңеши боюнча;

«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө»  Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунун негизинде, бош калган мандаттарды тиешелүү бир мандаттуу шайлоо округ боюнча добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын добуштарынын көбүн алган шайланган депутаттан кийинки талапкерге өткөрүп берүү жөнүндө:

- Баткен аймактык шайлоо комиссиясынын 04.02.2025-ж. №1 – Баткен облусунун Баткен районундагы Ак-Татыр айылдык кеңеши боюнча;

- Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиясынын 29.01.2025-ж. №1 Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Байтик-Баатыр айылдык кеңеши боюнча;

- Жайыл аймактык шайлоо комиссиясынын 06.02.2025-ж. №2 – Чүй облусунун Жайыл районундагы Жайыл айылдык кеңеши боюнча;

- Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын 31.01.2025-ж. №1 Ош облусунун Ноокат районундагы Кеңеш айылдык кеңеши боюнча.

Аймактык шайлоо комиссияларынын кабыл алынган чечимдери  «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесинин, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин жана «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин талаптарына ылайык келет.

«Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 28-пунктуна ылайык, «Борбордук шайлоо комиссиясы жергиликтүү кеңештин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө, жергиликтүү кеңештин депутатынын бош калган мандатын өткөрүп берүү жөнүндө, жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкерлерди катталган тизмеден чыгаруу жөнүндө аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитет».

Аймактык шайлоо комиссияларынын бекитүүгө келип түшкөн чечимдеринин «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин жана «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө»  Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3, 5-беренелеринин талаптарына ылайыктуулугун карап чыгып, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө»  Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Лейлек, Баткен, Кемин, Аламүдүн, Жайыл жана Ноокат аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечимдери 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Лейлек, Баткен, Кемин, Аламүдүн, Жайыл жана Ноокат аймактык шайлоо комиссияларынын бош калган мандаттарын тизмеде катталган талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.

4. Жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын күбөлүктөрү ушул токтом жарыяланган күндөн тартып, анык эмес деп таанылсын.

5. Лейлек, Баткен, Кемин, Аламүдүн, Жайыл жана Ноокат аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын  2-тиркемеге ылайык каттасын жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү жана төш белгилерди тапшырсын.

6. Бул токтом «Эркин-Тоо» гезитине жана   Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

7. Бул токтомдун көчүрмөсү тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жана жергиликтүү кеңештерге жөнөтүлсүн.

8. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т.У. Шайназаровго жүктөлсүн.

 

ТӨРАГА                                                                   Н. ШАЙЛДАБЕКОВА   

Бишкек ш., 2025-жылдын 10-февралы

№ 6