23.09.2024 №142 Ысык-Кѳл облусундагы Ысык-Кѳл районунун №3029, №3021, №3022, №3043 участкаларынын даректерин өзгөртүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы №3029, №3021, №3022, №3043 шайлоо участкаларынын дарегин өзгөртүү жөнүндө Ысык-Көл аймактык шайлоо комиссиясынын 2024-жылдын 18-сентябрындагы № 5 чечими келип түшкөн. 

Ысык-Көл аймактык шайлоо комиссиясынын чечими Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарынын мэриясынын 18-сентябрындагы №01-1/11/1901, Шайыбек ата айыл өкмөтүнүн 17-сентябрындагы №350, Ж.Абдрахманов айыл өкмөтүнүн 17-сентябрындагы №282 кайрылуулардын негизинде кабыл алынган.

«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча комиссиясынын 2020-жылдын 20-январындагы №4 токтому менен бекитилген «Шайлоо округдары менен шайлоо участокторунун схемаларын жана чек араларын башкаруу тартиби жөнүндө» Жобосуна ылайык, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

 

1. Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун шайлоо участкаларынын даректери өзгөртүлсүн:
- Чолпон-Ата шаарындагы №3029 шайлоо участкасынын дареги Советская №92 көчөсүндөгү Чолпон кинотеатрынын имаратынан И.Абдуразаков атындагы орто мектептин имаратына, Курорт кѳчѳсү, №48 дарегине өзгөртүлсүн.  
 - Шайыбек-Ата айыл аймагынын Чок-Тал айылындагы № 3021 шайлоо участкасынын дареги Самак №3 «Б» көчөсүндөгү Маданият үйүнүн (айылдык клуб) имаратынан  А.Түмөнбаев атындагы орто мектептин имаратына, Эрденеев көчөсү, №2 дарегине ѳзгѳртүлсүн. 
- Шайыбек-Ата айыл аймагынын Өрнөк айылындагы №3022 шайлоо участкасынын дареги Жекшаалы №12 көчөсүндөгү Маданият үйүнүн (айылдык клуб) имаратынан орто мектептин имаратына, Жекшаалы көчөсү, №18 дарегине өзгөртүлсүн.
 - Жусуп Абдрахманов айыл аймагынын Ананьево айылындагы № 3043 шайлоо участкасынын дареги Ленина 120 «Б» Маданият үйүнүн (айылдык клуб) имаратынан Музейдин имаратына, Ленин көчөсү, 120 «В» дарегине өзгөртүлсүн.
2. Ысык-Көл облусундагы Ысык-Көл районунун аймактык шайлоо комиссиясы Чолпон-Ата шаарынын мэриясы, Шайыбек ата, Жусуп Абрахманов айыл аймактарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте шайлоочулар арасында шайлоо участкаларынын даректерин өзгөртүү боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн.
3. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары  Т.У. Шайназаровго жүктѳлсүн.

 

 

ТѲРАГА                                                                   Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

Бишкек ш., 2024-жылдын 23-сентябры

№ 142