№49

Бишкек, Каракол, Ак-Суу, Тоң, Ак-Талаа, Жумгал, Кочкор, Ысык-Ата, Сузак, Токтогул жана Тогуз-Торо аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитүү тууралуу

 

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери келип түштү:

1)“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 1-пунктунун жана “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктунун негизинде депутаттык ыйгарым укуктарын тапшыруу жөнүндө жазуу жүзүндө арыз бергендигине байланыштуу жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечимдер:

 Каракол аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 31-мартындагы № 1 Ысык-Көл облусунун Каракол шаардык кеңеши боюнча;

Ак-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 27-мартындагы № 4 Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Каракол айылдык кеңеши боюнча;

Тоң аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 31-мартындагы № 1 Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Ак-Терек айылдык кеңеши боюнча;

Ак-Талаа аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 31-мартындагы № 2 Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Ала-Буга жана Кара-Бүргөн айылдык кеңештери боюнча;

Жумгал аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 31-мартындагы № 1 Нарын облусунун Жумгал районунун Жумгал жана Миң-Куш айылдык кеңештери боюнча;

Кочкор аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 3-апрелиндеги № 3 Нарын облусунун Кочкор районунун Кара-Суу жана Кум-Дөбө айылдык кеңештери боюнча;

Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 26-мартындагы № 4 жана 2026-жылдын 2-апрелиндеги № 6 Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Нурманбет жана Жайылма айылдык кеңештери боюнча;

Сузак аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 31-мартындагы №5 Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Кыз-Көл айылдык кеңеши боюнча;

Токтогул аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 1-апрелиндеги № 7 Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Үч-Терек жана Кетмен-Дөбө айылдык кеңештери боюнча;

– Тогуз-Торо аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 31-мартындагы № 1 Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун Тогуз-Торо айылдык кеңеши боюнча;

2) Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 18-мартындагы № 2 “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 11-пунктунун жана “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин 2-бөлүгүнүн 9-пунктунун негизинде Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Жээк айылдык кеңешинин депутаты каза болгондугуна байланыштуу жергиликтүү кеңештин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечими.

3) жеке арыздарынын негизинде катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жөнүндө чечимдер:

Ак-Талаа аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 31-мартындагы № 2 Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Ала-Буга айылдык кеңеши боюнча;

Жумгал аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 31-мартындагы № 2 Нарын облусунун Жумгал районунун Жумгал айылдык кеңеши боюнча;

Токтогул аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 1-апрелиндеги № 7 Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Кетмен-Дөбө айылдык кеңеши боюнча;

4) “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунун негизинде бош калган мандаттарды тиешелүү көп мандаттуу шайлоо округу боюнча добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын добуштарынын көбүн алган шайланган депутаттан кийинки талапкерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдер:

 Ак-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 27-мартындагы №5 Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Каракол айылдык кеңеши боюнча;

 Тоң аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 31-мартындагы № 1 Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Ак-Терек айылдык кеңеши боюнча;

 Ак-Талаа аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 31-мартындагы № 2 Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Ала-Буга жана Кара-Бүргөн айылдык кеңештери боюнча;

 Жумгал аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 31-мартындагы № 2 Нарын облусунун Жумгал районунун Миң-Куш айылдык кеңеши боюнча;

 Кочкор аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 3-апрелиндеги № 4 Нарын облусунун Кочкор районунун Кара-Суу жана Кум-Дөбө айылдык кеңештери боюнча;

 Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 18-мартындагы № 2 жана 2026-жылдын 2-апрелиндеги № 5, № 6 Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Жээк, Нурманбет жана Жайылма айылдык кеңештери боюнча;

 Сузак аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 31-мартындагы № 6 Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Кыз-Көл айылдык кеңеши боюнча;

 Токтогул аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 1-апрелиндеги № 7 Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Үч-Терек жана Кетмен-Дөбө айылдык кеңештери боюнча;

– Тогуз-Торо аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 31-мартындагы № 2 Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун Тогуз-Торо айылдык кеңеши боюнча;

5) “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3-пунктунун жана 1-1-бөлүгүнүн негизинде бош калган мандатты саясий партиянын тизмесиндеги шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдер:

– Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 2-апрелиндеги № 22 Бишкек шаардык кеңеши боюнча;

– Каракол аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 31-мартындагы № 2 Ысык-Көл облусунун Каракол шаардык кеңеши боюнча.

Аймактык шайлоо комиссияларынын кабыл алынган чечимдери “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесинин, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин жана “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин талаптарына ылайык келет.

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 28-пунктуна ылайык: Борбордук шайлоо комиссиясы аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө, жергиликтүү кеңештин депутатынын бош калган мандатын өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитет.

Бекитүүгө келип түшкөн аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдеринин Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин жана Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3, 5-беренелеринин талаптарына шайкештигин карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы токтом кылат:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

 Каракол, Ак-Суу, Тоң, Ак-Талаа, Жумгал, Кочкор, Ысык-Ата, Сузак, Токтогул жана Тогуз-Торо аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечимдери 1-тиркемеге ылайык;

 Ак-Талаа, Жумгал жана Токтогул аймактык шайлоо комиссияларынын катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жөнүндө чечимдери 2-тиркемеге ылайык;

 Бишкек, Каракол, Ак-Суу, Тоң, Ак-Талаа, Жумгал, Кочкор, Ысык-Ата, Сузак, Токтогул жана Тогуз-Торо аймактык шайлоо комиссияларынын бош калган мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери 3-тиркемеге ылайык.

2. Ушул токтомдун 1-тиркемесинде көрсөтүлгөн жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ырастамалары ушул токтом жарыяланган күндөн тартып жараксыз деп таанылсын.

3. Бишкек, Каракол, Ак-Суу, Тоң, Ак-Талаа, Жумгал, Кочкор, Ысык-Ата, Сузак, Токтогул жана Тогуз-Торо аймактык шайлоо комиссиялары ушул токтомдун 3-тиркемесине ылайык жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын катташсын жана аларга белгиленген үлгүдөгү ырастамаларды жана төш белгилерди тапшырышсын.

4. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын “Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитине жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

5. Ушул токтомдун көчүрмөсү тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жана жергиликтүү кеңештерге жөнөтүлсүн.

6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.С. Жупуевага жүктөлсүн.

 

Төрага                                                                                                                               Т. Шайназаров

 

Бишкек ш., 2026-жылдын 7-апрели

№49