19.06.2021 № 522 2021-жылы 10, 11 -июнунда өткөрүлгөн Чүй облусунун Москва районунун Чапаев, Предтеченка айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө

2021-жылы 10, 11 -июнунда өткөрүлгөн Чүй облусунун Москва районунун Чапаев, Предтеченка айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө 

 

2021-жылы 10, 11 -июнунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 21майындагы № 277, 2021-жылдын 25-майындагы № 306 токтомдору менен дайындалган Чүй облусунун Москва районунун Чапаев, Предтеченка айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо болуп өттү.

 Чапаев айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 2 талапкер – Казыбаева Динара Токторбаевна жана Усенов Адилет Кочкорбаевич катталышкан. Талапкерлер Казыбаева Динара Токторбаевна жана Усенов Адилет Кочкорбаевич Чапаев айылдык кеңешинин депутаттарынан сунушталган.

Москва аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 10-июнундагы протоколу менен Чапаев айылдык кеңешиндеги 11 депутаттын 11 депутаты катышып, Д.Т. Казыбаевага – 2 добуш, А.К. Усеновго – 8 добуш,  «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 1 добуш берилгендиги белгиленген.

Москва аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 10-июнундагы протоколу менен Усенов Адилет Кочкорбаевич Чапаев айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.

Предтеченка айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 1 талапкер – Алыгулов Султан Баатырканович катталган. Талапкер Алыгулов Султан Баатырканович Предтеченка айылдык кеңешинин депутаттарынан сунушталышкан.

Москва аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 11-июнундагы протоколу менен Предтеченка айылдык кеңешиндеги 11 депутаттын 10 депутаты катышып, С.Б. Алыгуловго – 7 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 3 добуш берилгендиги белгиленген.

Москва аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 11-июнундагы протоколу менен Алыгулов Султан Баатырканович Предтеченка айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.

Чүй облусунун Москва районунун Чапаев, Предтеченка айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктарына жана шайлоонун натыйжаларына арыз, даттануулар түшкөн жок.    

2021-жылдын 10, 11 - июнундагы Москва аймактык шайлоо комиссиясынын Чапаев, Предтеченка айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын  29-беренесине ылайык,      

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча  борбордук  комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.  Чүй облусунун Москва районунун 2021-жылдын 10-июнунда өткөрүлгөн Чапаев айыл өкмөттүнүн, 2021-жылдын 11-июнунда өткөрүлгөн Предтеченка айыл өкмөттүнүн, башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу Москва аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 10, 11 - июнундагы протоколдору бекитилсин.    

1.1. Чуй облусунун Москва районунун Чапаев, Предтеченка айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо өттү деп табылсын.     

1.2. Усенов Адилет Кочкорбаевич Чүй облусунун Москва районунун Чапаев айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.

1.3. Алыгулов Султан Баатырканович Чүй облусунун Москва районунун Предтеченка айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.

2.  Москва аймактык шайлоо комиссиясы шайланган Чапаев, Предтеченка айыл өкмөттөрүнүн башчыларына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү тапшырсын.    

3.  Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

2.  Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А. Бекматовго жүктөлсүн.

 

 

ТӨРАГА                                             Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

                                                            

Бишкек ш., 2021-жылдын 19-июну

№ 522