19.02.2024 №10 Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен катталган талапкерлерди чыгаруу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин д

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен катталган талапкерлерди чыгаруу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө Нарын шаардык, Жумгал, Кочкор, Сокулук, Ысык-Ата, Жайыл, Панфилов, Чүй, Кемин, Талас шаардык, Кара-Көл, Токтогул, Чаткал, Ноокен, Сузак, Кара-Суу, Араван, Өзгөн, Ноокат, Түп, Балыкчы, Ысык-Көл жана Лейлек аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу

 

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган мандаттарды өткөрүп берүү жөнүндө аймактык шайлоо комиссияларынын төмөнкү чечимдери келип түштү:

- Нарын шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын 29.01.2024-ж. №1; 01.02.2024-ж. №2, №3, №4 Нарын облусунун Нарын шаардык кеңеши боюнча;

- Жумгал аймактык шайлоо комиссиясынын 02.02.2024-ж. №3, №4   Нарын облусунун Жумгал районундагы Жумгал айылдык кеңеши боюнча;

- Кочкор аймактык шайлоо комиссиясынын 01.02.2024-ж. №1, №2  Нарын облусунун Кочкор районундагы Сары-Булак айылдык кеңеши боюнча;

- Сокулук аймактык шайлоо комиссиясынын 12.02.2024-ж. №1 Чүй облусунун Сокулук районундагы Шопоков шаардык кеңеши боюнча;

- Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын 07.02.2024-ж. №4   Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Люксембург айылдык кеңеши боюнча;

- Жайыл аймактык шайлоо комиссиясынын 06.02.2024-ж. №6, №7   Чүй облусунун Жайыл районундагы Ак-Башат айылдык кеңеши боюнча;

- Панфилов аймактык шайлоо комиссиясынын 02.02.2024-ж.  №1, №2  Чүй облусунун Панфилов районундагы Орто айылдык кеңеши боюнча;

- Чүй аймактык шайлоо комиссиясынын 30.01.2024-ж. №1, №2 Чүй облусунун Чүй районундагы Чүй айылдык кеңеши боюнча;

- Кемин аймактык шайлоо комиссиясынын 30.01.2024-ж. №3, №4  Чүй облусунун Кемин районундагы Чым-Коргон айылдык кеңеши боюнча;

- Талас шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын 23.01.2024-ж. №1; 24.01.2024-ж. №2; 02.02.2024-ж. №3, №4 Талас облусунун Талас шаардык кеңеши боюнча;

- Кара-Көл аймактык шайлоо комиссиясынын 25.01.2024-ж. №1, №2;  26.01.2024-ж. №3, №4 Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаардык кеңеши боюнча;

- Токтогул аймактык шайлоо комиссиясынын 29.01.2024-ж. №3, №4, №5, №6 Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Бел-Алды айылдык жана Токтогул шаардык кеңештери боюнча;

- Чаткал аймактык шайлоо комиссиясынын 30.01.2024-ж. №1  Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Чаткал айылдык кеңеши боюнча;

- Ноокен аймактык шайлоо комиссиясынын 05.02.2024-ж. №1  Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы Сакалды айылдык кеңеши боюнча;

- Сузак аймактык шайлоо комиссиясынын 14.02.2024-ж. №5, №6 Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Ленин айылдык кеңеши боюнча;

- Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын 22.01.2024-ж.. №1 Ош облусунун Кара-Суу районундагы Сарай айылдык кеңеши боюнча;

- Араван аймактык шайлоо комиссиясынын 13.02.2024-ж. №2 Ош облусунун Араван районундагы Тепе-Коргон айылдык кеңеши боюнча;

- Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясынын 26.01.2024-ж. №1; 30.01.2024-ж. №2 Ош облусунун Өзгөн районундагы Өзгөн шаардык жана Салам-Алик айылдык кеңештери боюнча;

- Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын 15.02.2024-ж. №2 Ош облусунун Ноокат районундагы Т.Зулпуев айылдык кеңеши боюнча;

- Түп аймактык шайлоо комиссиясынын 29.01.2024-ж. №1, №2  – Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Арал, Ак-Булуң, Михайловка жана Талды-Суу айылдык кеңештери боюнча;

- Балыкчы аймактык шайлоо комиссиясынын 25.01.2024-ж. №1  Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаардык кеңеши боюнча;

- Ысык-Көл аймактык шайлоо комиссиясынын 07.02.2024-ж. №2 – Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Садыр-Аке айылдык кеңеши боюнча;

- Лейлек аймактык шайлоо комиссиясынын 12.02.2024-ж. №3 Баткен облусунун Лейлек районундагы Сумбула айылдык кеңеши боюнча.

Ошондой эле депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен катталган талапкерлерди чыгаруу жөнүндө аймактык шайлоо комиссияларынын төмөнкү чечимдери келип түштү:

- Кочкор аймактык шайлоо комиссиясынын 01.02.2024-ж. №2   Нарын облусунун Кочкор районундагы Сары-Булак айылдык кеңеши боюнча;

- Чаткал аймактык шайлоо комиссиясынын 30.01.2024-ж. №1  Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Чаткал айылдык кеңеши боюнча;

- Ноокен аймактык шайлоо комиссиясынын 05.02.2024-ж. №1  Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы Сакалды айылдык кеңеши боюнча;

- Сузак аймактык шайлоо комиссиясынын 14.02.2024-ж. №6   Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Ленин айылдык кеңеши боюнча;

- Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясынын 30.01.2024-ж. №2 Ош облусунун Өзгөн районундагы Салам-Алик айылдык кеңеши боюнча;

- Түп аймактык шайлоо комиссиясынын 29.01.2024-ж. №1 – Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Ак-Булуң айылдык кеңеши боюнча;

- Ысык-Көл аймактык шайлоо комиссиясынын 07.02.2024-ж. №1 – Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Садыр-Аке айылдык кеңеши боюнча.

Аталган чечимдер «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесине, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине жана «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине ылайык кабыл алынган.

«Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 28-пунктуна ылайык, «Борбордук шайлоо комиссиясы жергиликтүү кеңештин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө, жергиликтүү кеңештин депутатынын бош калган мандатын өткөрүп берүү жөнүндө, жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкерлерди катталган тизмеден чыгаруу жөнүндө аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитет».

Аймактык шайлоо комиссияларынын бекитүүгө келип түшкөн чечимдеринин «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин жана «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө»  Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3, 5-беренелеринин талаптарына ылайыктуулугун карап чыгып, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Нарын шаардык, Жумгал, Кочкор, Сокулук, Ысык-Ата, Жайыл, Панфилов, Чүй, Кемин, Талас шаардык, Кара-Көл, Токтогул, Чаткал, Ноокен, Сузак, Кара-Суу, Араван, Өзгөн, Ноокат, Түп, Балыкчы жана Лейлек аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечимдери 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кочкор, Чаткал, Ноокен, Сузак, Өзгөн, Түп жана Ыссык-Көл аймактык шайлоо комиссияларынын депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен катталган талапкерлерди чыгаруу боюнча чечимдери 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.

3. Нарын шаардык, Жумгал, Кочкор, Сокулук, Ысык-Ата, Жайыл, Панфилов, Чүй, Кемин, Талас шаардык, Кара-Көл, Токтогул, Чаткал, Ноокен, Сузак, Кара-Суу, Араван, Өзгөн, Түп жана Ысык-Көл  аймактык шайлоо комиссияларынын бош калган мандаттарды талапкерлерге жана саясий партиялардын талапкерлеринин катталган тизмесиндеги талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери 3-тиркемеге ылайык бекитилсин.

4. Жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын күбөлүктөрү ушул токтом жарыяланган күндөн тартып, анык эмес деп таанылсын.

5. Нарын шаардык, Жумгал, Кочкор, Сокулук, Ысык-Ата, Жайыл, Панфилов, Чүй, Кемин, Талас шаардык, Кара-Көл, Токтогул, Чаткал, Ноокен, Сузак, Кара-Суу, Араван, Өзгөн, Түп жана Ысык-Көл аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын 3-тиркемеге ылайык каттасын жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү жана төш белгилерди тапшырсын.

6. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

7. Бул токтомдун көчүрмөсү тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жана жергиликтүү кеңештерге жөнөтүлсүн.

8. Бул токтомдун аткарылышын контролдо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т.У. Шайназаровго жүктөлсүн.

 

 

ТӨРАГА                                                                   Н. ШАЙЛДАБЕКОВА   

   

Бишкек ш., 2024-жылдын 19-февралы

 

№ 10